Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН АЙРЫМ МҮЧӨЛӨРҮ ТҮНДҮК КОРЕЯ КРИЗИСИНИН АЧКЫЧЫН ТҮЗ СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДӨН КӨРӨТ


Үстүбүздөгү аптада БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан маселелерди талкуулаганы менен Пхеньянды айыптаган резолюция кабыл алган жок. Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр Түндүк Кореянын аракеттерине камтамачылык гана билдиришти.

Ушул айда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде төрагалык кылган Мексиканын элчиси Адольфо Зинсердин шаршембиде жабык эшик артында өткөн талкуулардан соң билдиргенине караганда, алар Түндүк Кореянын мындан аркы аракеттерине байкоо салып турмакчы. Бирок, Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея маселесин апрелдин ичинде кайрадан кароо планы жок. Кошмо Штаттары Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыгышын жана өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат –плутонийди өндүрүүгө жөндөмдүү реакторун кайра иштете баштаганын айыптаган резолюция кабыл алышы керек деген ниетте эле. Бирок, мындай кадам кырдаалды жеңилдеткендин ордуна кайра курчутат деп эсептеген Орусия жана Кытай ага каршы болду. Орусиянын элчиси Сергей Лавровдун айтымында, чатак АКШ менен Түндүк Корея түз сүйлөшсө гана чечилет:

- Айыптоолор жардам бербейт. Көп тараптуу форматты да колдонуу мүмкүн болгону менен АКШ жана Түндүк Корея түз сүйлөшмөйүнчө натыйжа чыкпайт.

Ал эми орус коргоо министри Сергей Ивановдун бейшемби күнү Түштүк Кореяда иш сапары менен болгон учурунда билдиргенине караганда, Түндүк Корея БУУ тарабынан кабыл алынган чечимди тоотпой коюшу ыктымал. Орус коргоо министри, ошондой эле, Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды жайылтпоону караган милдеттемелерге кайтаруунун бир жолу катары Пхеньянга ишенимдүү коопсуздук кепилдиктеринин берилишин атады:

- Албетте, эгер бул өлкө аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын сактоо, өзүнө карата кандайдыр бир душманчыл максаттын жок экендиги боюнча толук кепилдик алса.

Ал эми АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте белгилегендей, Вашингтон Түндүк Корея кризиси тынчтык жол менен чечилишин каалайт. Бирок, АКШ чатакты көп тараптуу кийлигишүүнүн аркасы менен жөндөө жаатындагы дипломатиялык аракеттерин уланта бермекчи. АКШ элчисинин айтымында, Пхеньян кризисти жеңилдетүү үчүн төмөнкү кадамдарга барышы керек:

- Бул Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар боюнча дымагынан баш тартуусу жөнүндөгү гана маселе эмес. Түндүк Корея, ошондой эле, текшерүүнүн ишенимдүү тартибин кабыл алышы абзел. Ага кызматташтык, декларациялар, инспекция, мониторинг жүргүзүү кирет.

Айтор, АКШ менен Түндүк Кореянын кризисти жөндөөнүн жолдору боюнча көз караштары кайчы чыгып жатат. Маселен Түндүк Корея АКШ менен ич ара түз сүйлөшүүгө даяр экенин бир нече жолу кайталган жана Пхеньяндын эсеби боюнча акыры келип эки ортодо бири–бирине кол салбоону караган келишим түзүлүшү керек. Вашингтон болсо Пхеньяндын жогорудагыдай сунуштарын четке кагып келүүдө.

Азыркы кризис Түндүк Корея былтыр күздө, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө өзөктүк куралдар программасын өнүктүрүп келгенин моюнга алгандан кийин тутанган. Мындай аракеттери менен Пхеньян 1994-жылы кол коюлган келишимди бузду деп эсептеген АКШ Түндүк Кореяга экономикалык жана гуманитардык жардам берүүнү токтоткон. АКШга жооп кылып, Пхеньян 1994-жылы тоңдурулган атомдук реакторун ишке киргизэрин жарыялады. Былтыр декабрь айында ал өлкөдөн МАГАТЭ уюмунун эксперттерин кетирди. Ал эми жыл башында Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкты. Андыктан МАГАТЭ уюму да БУУнун Коопсуздук Кеңешине Түндүк Корея маселесин кароону өтүнүп кайрылган эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG