Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

КЫТАЙ ЖАНА ЧЫГЫШ ТҮРКСТАН


Жаркын Темирбаева, Прага Кытай өкмөтү Америка Кошмо Штаттарына кайрылып, аны Чыгыш Түркстандагы акырындап күч алып бараткан жикчилик кыймылды жок кылуу үчүн чогуу аракеттенүүгө чакырды. Кытайдын жетекчилигин өлкөнүн батышындагы Шинжаң аймагындагы кырдаалдан тышкары, өлкөнүн башка бөлүктөрүндөгү опурталдуу кырдаал, өзгөчө ашынган террордук ыкмага өткөн топтор кооптонтот. Бирок, укук коргоочулар уйгурлардын байистүү кыймылына астейдил мамиле керектигин белгилешүүдө.

Кытайдын ички иштер министри Чжоу Йоңкаңг (Zhou Yongkang) ушул аптанын башында АКШнын Бээжиндеги элчиси Кларк Рентке кайрылып, Кытайдын Борбор Азияга чектеш түндүк-батышындагы Шинжаң аймагындагы мусулман жикчилерине каршы күрөшүүгө Вашингтондун жардамдашуусун өтүндү.

Өткөн жылы Бээжин менен Вашингтон Кытайдын ичиндеги жана чек арасындагы экстремисттик ислам топторун талкалоо чараларына бирдей көз карашта болду. Анын натыйжасында, Вашингтон Чыгыш Түркстан ислам кыймылын биринчи жолу ачык сындады. 2002-жылдын сентябрь айында Кошмо Штаттары Чыгыш Түркстандын ислам кыймылынын банктардагы эсептери жана мүлкү камакка алына турганын жарыя кылган. Ошондон көп өтпөй Бириккен Улуттар Уюму Чыгыш Түркстан ислам кыймылын “ал-Каида” жана талиптер менен байланыштагы уюмдардын тизмесине кошкон. Чыгыш Түркстан ислам кыймылы Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң аймагында жайгашкан. Бул жерде жашаган элдин көбү--уйгурлар.

Акыркы жылдары расмий Бээжин мусулман жикчилерин Чыгыш Түркстан көз карандысыз мамлекетин түзүүгө аракет кылууда жана “ал-Каида” уюму менен түз байланышта деп айыптап келет. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында АКШнын Мамлекеттик департаментинин террористтерге каршы күрөшүү боюнча координатору Кофе Блэк (Cofer Black) Бээжинде кытайлык өнөктөшү менен кездешкен. Маалыматтарга караганда, ал жолугушууда исламчыл топтордун Кытайдын банктарында жашырылган акчаларын камакка алуу маселеси талкууланган. Ошондой эле, мыйзамсыз соода операцияларынан түшкөн акчаларды өтө ылдам адалдаштырып берүүчү Гонгконгдун айрым банктарына көз салуу маселеси да талкууланган деген кабар бар.

2002-жылы АКШ Федералдык чалгындоо кызматынын агенттери эки пакистандыкты жана бир америкалыкты колго түшүргөн. Алар жарым тоннага жакын героин жана беш тонна гашишти ракеталарды атып түшүрүүчү төрт даана “Стингерге” алмаштырмакчы болушкан.

“Эркин Азия” радиосуна 30-январда берген интервьюсунда Чыгыш Түркстан уюмунун башчысы Мехмед Эмир Хазирет ал жетектеген топтун максаты күнкорсуз Түркстан Мамлекетин тынчтык жолу менен куруу экенин айткан. Бирок, кыймыл куралдуу козголоңго барышы зарыл болуп калышын ал танган эмес.

Чыгыш Түркстан Боштондук кыймылын расмий Бээжин 1993-жылдан бери бир нече террордук чабуулду уюштурду деп күнөөлөп, уюмду Вашингтондун террордук уюмдардын катарына кошуусу үчүн катуу далаалат кылып келет.

Аналитиктердин айтымында,Түркстан жикчилик кыймылы Кытайдагы түрдүү оппозициялык топтун ичинен эң коркунучтуусу деп эсептелет. Алар Шинжаңда жана Кытайдын башка шаарларында 1990-жылдардын орто ченинен кийин бир нече бомба жардырууну уюштуруп, андан ондогон адамдар набыт болгон. Кытай өкмөтү Шинжаң провинциясында чатак чыкса ислам жоочулары 13 миллион мусулман калкын тополоңго салат деп кооптонот. Андан тышкары, Шинжаңдык жикчилердин тыш өлкөлөрдөгү миллиондогон мусулмандар арасында таанылып колдоого алына баштаганы Кытай жетекчилигин өзгөчө тынчсыздандырат.

Кытайлык жарандардын “ал-Каида” мусулман жикчи топторго кошулгандыгын тастыктаган да маалыматтар бар. Америкалык аскерлер 2002-жылы талиптер тарабында согушкан 300 кытай жаранды колго түшүргөн. Алардын көпчүлүгү - Шинжаңдык уйгурлар. Соңку айларда Кытай мечиттеринде намаз маалында ыктыярдууларды Саддам Хусейндин режимин коргогон согушка чакырган фактылар учурады.

Кытай жетекчилиги Чыгыш Түркстан жикчилеринин кыймылын ислам коркунучунун булагы катары көрөт. Ошон үчүн Бээжин бул кыймылды бутуна тургуза койбой Вашингтондун жардамы менен талкалап жок кылууну да ойлойт. Эл аралык укук коргоо уюмдары болсо Чыгыш Түркстандагы уйгурлардын өз улуттук-маданий жана демократиялык укуктары үчүн байистүү жол менен күрөшкөн өкүлдөрү террорчулукка каршы күрөш ураанынын курмандыгына айланбашы керек деп эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG