Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Дүйшөмбү шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү


Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Дүйшөмбү шаарында чогулуп, Ирак проблемасын талкуулап, маселени чечүү кайрадан саясий жолго салынууга тийиш деген бүтүмгө келишти. Жыйында 2003-2004-жылдарга каралган террорчулук менен экстремизмге каршы күрөшүү программасы кабыл алынды жана Абхазиядагы тынчтык орнотуу аракеттери да талкууланды. Орус тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Александр Яковенконун айтымында, Ирак согушу кошуна Борбор Азиялык жана Кавказ жумурияттарынын коопсуздугуна таасир тийгизүүдө, ошондуктан Ирак маселесин чечүү КМШ үчүн өтө маанилүү нерсе.

XS
SM
MD
LG