Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

Пентагон согуштан кийинки Иракты кантип башкаруу тууралуу планды жарыялады


Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц 10-апрелде кечинде Сенатта чыгып сүйлөп, Ирак согуштан кийин кантип башкарыла тургандыгы жөнүндө Пентагондун планын жарыялады. Анын айтымында, коалициялык аскерлер Ирак аймагын өзүнүн толук көзөмөлүнө алганча, өлкөнү башкаруу милдети - Кайра куруу жана гуманитардык жардам көрсөтүү башкармалыгына жүктөлөт. Андан соң өлкөнүн бардык диний, улуттук жана башка уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган убактылуу жетекчилик түзүлөт. Анын ишине Ирактан сырткары жашагандар да тартылат. Акырында болсо, Ирактын жаңы өкмөтү түзүлөт жана ага бардык бийлик өткөрүлүп берилет. Бирок бул пландын биринчи эки этабы канчага созулаары тууралуу Вулфовиц эч нерсе деген жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG