Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:37

Санк-Петербургда Алмания, Орусия жана Франция жетекчилеринин саммити өтүүдө


11-апрелде Тажикстанда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны учурунда Орусия министри Игорь Иванов согуштан кийинки Иракты кайра куруу иштеринде негизги мааниге Бириккен Улуттар Уюму ээ болууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, дүйнөдө тынчтык жана коопсуздук орнотуу маселелери боюнча Бириккен Улуттар негизги уюм, ошондуктан Ирак маселесинде дагы ал чечүүчү мааниге ээ болуш керек. Бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Орусия менен Франциянын президенттери жана Алманиянын канцлери жолугуп, Ирак маселесин талкуулоого киришти. Владимир Путин, Жак Ширак жана Герхард Шрөдер - согуштан кийинки Иракты Бириккен Улуттар калыбына келтириши керек деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG