Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

Америкалык аскерлер Ирактын үчүнчү ири калаасы Мосулду көзөмөлгө алды


Америкалык жана күрт аскерлери 11-апрелде Ирактын үчүнчү ири калаасы - түндүктөгү Мосул шаарын басып алды жана аны коргогон аскерлер америкалыктарга багынып берди. АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, коалициялык күчтөргө азыр Ирактын бирин-серин гана аймактарында каршылык көрсөтүлүүдө: "Биздин билишибизче, өз аскерий турумдарын таштап качкан Ирак күчтөрү азыр Тикрит менен ар-Рамади аймактарында чогулган". Тикрит - президент Саддам Хусейн туулган шаар. Он бирине караган түнү Багдаддын түндүк аймактарында кагылышуу болду. Саддам режимин коргогон күчтөрдүн калдыктары шийит мусулман кошуундары менен салгылашты. Борбор калаа Багдадга коалициялык күчтөр 9-апрелде кирген, анын алдында өлкөнүн экинчи шаары - Басра басылып алынган. Америкалык генерал Томми Фрэнкстин айтымында, Ирактын бардык жетекчилери же курман болгон, же өлкөдөн качып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG