Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

ЧЕЙРЕК КЫЛЫМ ТҮРКМӨНБАШЫ МЕНЕН БИРГЕ


Муса Мураталиев, Москва Москва мене Ашгабад жаңы алакасы.

Бейшембиде Москвада президенттер Путин менен Ниязов жаңы келишимге кол коюшту. Ал келишим эми Түркмөнстанды 25 жыл бою Орусияга газ сатууга мажбурлайт. Буга дейре Москва ар бир миң кубометр газга 40 доллар акы төлөгөнгө макул болбой келе жаткан эле, эми капилеттен эле Кремль 42 доллардан акы төлөп аламын деп, Ашгабад сураган баадан ашыкча акы сунуш кылып отурат. Серепчилер мындай кадам менен орусиялык бийлик КМШ жаатын өзүнө ого бетер чукулдатыпкысы келет, ал эми түркмөнстандык режим Маскөөнүн колдоосун алууга ынтызар дешүүдө.


Президент Сапармурат Ниязов, совет режими ураганда, кудай берди болуп, мурда Маскөөгө баш ийген бийликти толук колго алды да, «өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген» режимди түздү. Ал өзүнө жаккан ык менен элин эзе баштагандыктан, саясатчылардан тартып карапайым кишилерге дейре анын өкүмзор бийлигин “Ниязовдун режими” деп атап калышты. Анын катаал саясатынын бир мисалы катары ушул жылы өзүнө кол салды деген жалаа менен түркмөн оппозициясынын көптөгөн мүчөлөрүн абакка камап, болгондо да аларды өмүр бою түрмөгө кескен учурлар айтылууда.

Орусияда азыр Ашгабад режимин жактырбаган жана ага каршы ой-пикирин айткан түркмөндөр арбын болгондуктан, Маскөөгө аттанаарда Түркмөнбашы “ошолорду колума салып бер” деп Кремлдин кожоюнуна атайын талап коюптур деген аңырт журналисттердин арасында таркап кеткен. Бирок кечөө Путиндин админстрациясы бул айың кептерди жалганга чыгарган жооп айтты.

Канткен менен газ боюнча соодалашуу жүрүп атканда, анын чечилишине саясий масилеттер да таасир эткени байкалып турат. Маселен, келишимге кол коюуга арналган каада аяктагандан кийин орусиялык расмий чөйрө өкүлдөрү журналисттерге эки өлкөнүн ортосунда он жылдай өкүм сүрүп келе жаткан экилтик атуулдук жөнүндөгү келишим жокко чыгарылганын жарыя кылды.

Кечөө Түркмөнбашы Маскөөгө келип түшкөндө Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигинин алдына Орусиялык оңчул күчтөр биримдиги (СПС) уюштурган нааразылык иш-чарасы өттү. Ал жерде чогулган көпчүлүктүн алдында Түркмөнстандын бириккен демократиялык оппозициясынын лидерлеринин бири Абды Кулиев да чыгып сүйлөп, азыркы тушта диктаторлук режим түзүп алып, өз элин эзип аткан зулумдарды тактан кулатуу ишин АКШ абдан туура жана өз учурунда баштады, - деди:

- Бир диктаторду АКШ тактан кулатты. Эми башка диктаторлор үчүн да кезмет келет ко дейм. Бирок жалаң эле чет элдик күч жардам берет деп кол куушуруп олтура бериш туура эмес. Биздин элдер өздөрү аягына туруп көчөгө чыгышы керек, өздөрү диктаторлорду тактан кулатышы керек.

Орусия жетекчилигинин Түркмөнбашыга кол сунушунун Ирактагы согуштук өнөктүк аяктап калганда болуп атышы анализчилер арасында ар кыл пикир жаратууда. Маселен, мурдагы Мамлекеттик Дума спикери Иван Рыбкин мындай саясий мамиле дурус эмес экендигин жана бул кадамга анын ичи анча чыкпагандыгын билдирди:

- Азыркы тушта Сапармурат Ниязов абдан ыңгайсыз абалда калган кез. Ал талиптер менен өтө жакын болбосо да, кыйла жылуу алакада болчу. Муну ал өзү түркмөнстандык дипломатиянын жетишкендиги деп эсептегени менен түркмөн эли үчүн бул саясат абдан жаман кызмат кылган.

Ушундай баалардан улам, Маскөө менен Ашгабаддын жаңы байланышынын карама-каршылыктуу саясий түсүн аңдоо кыйын эмес. Бир чети, Кремлдин кожоюну КМШ мейкиндигин колунан чыгарбоо аракетин жасап атса, экинчи чети, ашгабаттык башчы, кокус өз башына кыйынчылык келсе каруулуу мамлекеттен калканч издөө максатында Маскөө үчүн жеңилдиктерге барууга далаалаттанууда.
XS
SM
MD
LG