Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

840-ЖЫЛКЫ ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИНИН МАМИЛЕСИ


Азыркы кыргыз калкынын калыптанышы жана анын саясий тарыхы үчүн Чыгыш Түркстан чөлкөмүнүн мааниси зор. Айрым илимпоздор IX кылымдын ортосунда бу аймакка кыргыздардын көчүп келишинен шек санашып, «муну Кытай мамлекети каалаган эмес» деген жобого таянышат. Анда эмесе окуянын кандай тарыхый шартта өнүгүшүнө көңүл бурсак.

Кыргыздар Орду Балыкты ээлегенден кийин Уцзе-тегин баштаган уйгурлардын басымдуу бөлүгү түштүктү карай жер которушат. Уцзе-тегин 832-жылкы төңкөрүштө өлтүрүлгөн кагандын иниси болгон. Бул туурасында жазма булак мындайча кабарлайт: «Кагандын 13 уруусу Уцзе-тегинди каган коюшканда, алар Цацзышань тоосунун түштүгүндө очок алышты». Аталган топоним Гоби Алтайынын түштүк-чыгыш кыркасы менен айкалышат. Уйгур каганынын ордосу талкалангандан кийин теги кытай Тайхо ханыша кыргыздар тарабынан туткундалган. Кыргыз каганы саясий кызыкчылыкты көздөп, аны Дулюй Шихеге кошуп Кытай борборуна жөнөткөн. Бирок аларды Уцзе каган жолдон тосуп, Тайходон бөлөгүн кырып, ханышаны алып Гоби чөлүн ашып кеткен. Бул окуя 814-жылы болгон. Кийинки жылы Хуанхе дарыясынын чоң бөлүгүнүн батышында 100 км. аралыкта жайгашкан Кытай өлкөсүнүн Тяньдэ сепилине кыргыз аскер башчысы Та-бу Хэцзу же Тапу Алп Сол келип, кыргыздар Тайхонун тагдырына кабатырланып, аны издөөгө куралдуу жоокерлер тобу жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Тан сарайынынын 1-министри Ли Дэюй 841-847-жылкы окуяларга байланыштуу атайын маалымат топтогон. Анда Тапу Ли Алп Сол кыргыздардын Хэло дарыясына жер которуп, уйгурлардын жеринде жашап жатышкандыгын билдиргени кабарланат. Ли Дэюй Тан Кытайынын 1-министри катары түндүк этностор менен болгон саясий-дипломатикалык байланышты тейлеп, алар жөнүндө маалымат топтогон адис жана ошондой эле жогорку бийлик кызматкери болгон. Ошондуктан анын маалыматы ашыкча шек туудурбайт.

843-жылдын апрель айында Кытай императору кыргыз ажосунун ордосуна өз элчиси Чжао Фанды жөнөткөн. Чжао Фань кайрылып келип, «кыргыздар Аньси менен Бэйтинге чабуул койду, жана бул аймакка жардамга аскер жибериш керек» деп билдирүү жасаган.

Ошол эле убакта 843-жылдын июль айында Тан бийлиги кыргыз ханына кат жөнөтүп, мында топтолгон уйгур тобу Кытай үчүн кыйла коркунучтуу жоо экендигин кабарлайт.
843-жылы Кытай борборуна келген кыргыз кол башчысы Тапу Алп Сол «аларга беш уруу – Аньси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), Дада (татарлар) жана башкалар баш ийгендигин билдирген». Кытай бийлиги кыргыз ханын көкүткөн мындай мазмундагы кат жөнөткөн: «Белгилүү болгондой Хэло дарыясындагы уйгур ордосу толук кырылган жок. Алардын мекенине карата кусалыгын эске алсак, анда алардын ошол жакка келүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бул аймактагы алардын айылдарын текши кырыш керек» деп, кыргыздарды уйгурларга каршы ачык тукурган.

Ошол эле кезде, Уйгур каганатынын аймагына кыргыздардын жер которуп жайгашышы жана күч алышы, Тан мамлекетинин чек арасынын жанындагы дагы бир кубаттуу мамлекеттин жаралышын пайда кылмак. Мындай жагдай Кытай империясын чочулатпай койгон эмес. Тан бийлиги бир четинен кыргыздардын колу менен уйгурларды жок кылгысы келсе, экинчи жагынан алар кыргыздар менен уйгурлар өз ара согушуп кансырашын жана саясий, согуштук күчүнүн кайтышын каалаган.

Кытай бийлигинин уйгурларга жазган катында, алардын мындай саясий максаты ачык байкалат. «Азыр кыргыздар уйгур каганын жек көрүшөт. Канышаны издөө менен сөзсүз жортуул жасашы күтүлөт. Ар кыл жапайы урууларды бириктирип, түштүктү карай чек ара күзөттөрүнө чейин чапкын жасашат. Азыр кагандын аскери аз, ач-жылаңач. Эгерде капысынан күчтүү душман кол салса, аны ким тосот? Бир гана Улуу Тандын кубаты, кыйын абалдан чыгууга жардам берет» деп, уйгурларга жардам жөнөтүлөөрү туурасында тил эмизген убада берилген. Асыресе, муну айрым окумуштуулар акыркы чындык катары кабыл алышып, кыргыздардын Чыгыш Түркстанга жер которушу Кытай империясынын ушул жортулу менен жокко чыгарылган деп айтышат.

Эгер Тан Кытайынын жогоруда айтылган кыргыздарга жазган каты менен уйгурларга кайрылуусун салыштырып көрсөк, мында жоолашкан калктарды бири-бирине тукуруп, «варварларды варварлардын колу менен жок кылууга» үндөгөн империялык саясаттын мааниси ачык байкалат.

Түзүлгөн тарыхый кырдаалга карасак, Кыргыз каганатынын Борбордук Азиядагы үстөмдүгүнүн күч алышы Тандык Кытайдын көңүлүн бурган. Империянын 1-министри Ли Дэюйдун императорго даярдаган докладында, кыргыздар менен достук байланыштын максаттуулугу айтылат. Кытай императору Ву-цзун министрдин кеңешине ынанып атайын элчи жиберип, кыргыз каганына «Цзун-ин Хюн-ву Чен-мин хан» деген титулдун ыйгарылгандыгы жөнүндөгү грамотаны жолдогон.

1-министр Ли Дэюйдун императорго жолдогон докладында бул окуяга мындайча баа берилген:

«Географиялык жактан Аньсиден борборго чейин 7000 ли, Бэйтинден болсо 5200 ли. Бейпил мезгилде Хэсиден (ордо) жана Луньюдан (азыркы Ганьсу провинциясынын чыгыш тарабы) батыш провинцияларга сапар тартканда, Юймэнь күзөтү аркылуу кетчүбүз. Ал жолдун боюнча Тан мамлекетинин округдары, уезддери болуп, аларга ири аскер бөлүктөрү жайгашчу. Качан Аньси менен Бейтинге аскер керек болгондо, аларды ошол жакынкы жерден топточубуз. Кыйынчылык башталгандан бери Хэси менен Лунью толугу менен тибеттиктердин колуна өттү. Ошондуктан уйгур жолун колдонуш керек эле. Азыр уйгурлар толук талкаланды. Ал эми алардын кыргыздарга толук баш ийгендиги беймаалым. Ыңгайлуу учурда жардам көрсөтүш үчүн, ар бир гарнизонго 10000 адамдан кем эмес ханьдык жоокерлерден турган аскер жайгаштырыш керек. Мынча адамды каяктан топтойбуз? Кайсы жол менен тамак-аш ташыйбыз?» - деп суроо салган.

Кыраакы саясатчыныны эскертүүсүн, ошондой эле Тан династиясынын оор саясий-экономикалык абалын эске алсак, борбордук мамлекеттин кымбат жортуулду жасоого чама-чаркы жеткен эмес. Андан кийин Чыгыш Түркстандагы Тибет бийлигинин жолугушу менен мында өз алдынча аймактык бийликтер жаралып, алар Тан династиясынын бийлигине көзү түз болбошу толук ыктымал. Кытайдын ички абалын жана Чыгыш Түркстандагы кырдаалды эске алып, Тан бийлигинин уйгурларга жардам берүүгө чамасы келген эмес. Ал эми Улуу дөөлөт абалына жеткен кыргыздар Чыгыш Түркстанды байырлап, азыркы кыргыз калкынын калыптанышына уютку болуп берген.
XS
SM
MD
LG