Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

Караколдо БУУнун «Башкаруу» программасынын алкагында семинар өттү


КАРАКОЛ. Семинарда Бириккен Улуттар Уюмунун жергиликтүү деңгээлде административдик жана саясий жактан башкаруу программасынын таасири, анын максаты жана түпкү натыйжалары тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бириккен Улуттар Уюмунун улуттук волонтёру Рыскүл Орозакунованын иш-чарада айткан пикири боюнча элет калкы жакшы жашоого ыңгайлашуучу шарттарды мурдагыдай өкмөттүн көзүн карабай, өздөрү түзүүгө көнө башташты. Маселени эки жылдын ичинде Түп районундагы Тогузбулак жана Кутургу айылдарында аталган программанын алкагында 2 млн.165 миң 586 сом өлчөмүндөгү чакан капиталдык грантына татыктуу иштердин аткарылышына элеттиктер өздөрү көмөк көрсөтүшүп, социалдык курулуштар үчүн бир миллион сомдон ашык акча топтошту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG