БИШКЕК.Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган «Мамлекеттик туунун күнү» деп аталган жаштардын үч күндүк акциясы жума күнү соңуна чыкты. Акциянын акыркы күнүндө Бишкек Гумманитардык Университетинин, Кыргыз-орус славян университетинин жана башка бир катар жогорку окуу жайлардын жүздөгөң студенттери «Алатоо» аянтында митинг өткөрүп , «Эркиндик» монументине гүл коюшту.Туу көтөрүү аземинен кийин Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, ректорлор сөз сүйлөп, мамлекеттин символу болгон тууну ыйык тутууга, биримдикти сактоого жаштарды үндөштү.