Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Кулов коррупцияга каршы күрөшкө ишенбейт


БИШКЕК. Эл аралык уюмдардын сунушуна ылайык коррупцияга каршы күрөш жарыялоо менен, Кыргыз бийлиги алардын өздөрүнүн көздөрүнө чөп салып жатат. Мындай пикир «Моя столица» гезити жарыялаган «Арнамыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловдун интервьюсунда айтылат. Коррупцияга каршы күрөштүн башкы максаты кимдир-бирөөнү түрмөгө отургузуш эмес, коррупциянын жайылышына бөгөт коюу деп эсептеген оппозициячыл саясатчы коррупцияга каршы күрөш боюнча стратегиядан майнап чыгарына ишенбестигин билдирет. Ал коррупциянын башаты азыркы бийликтин өзүндө экенин белгилеп, анын жаңы мисалы катары мурдагы башкы прокурор Чубак Абышкаевдин жаңы кызматка которулушун атайт.. «Үч жылдан кийин Аскар Акаев кетип, анын ордуна келген жаңы президент жаңыча шыпырарына ишенгим келет» дейт «Арнамыс» партиясынын башчысы. Мурдагы коопсуздук министри, губернатор жана Бишкек шаарынын мэри кызматынан кыянаттык менен пайдаланды жана мамлекеттик мүлктү уурдап-тоноду деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылып, учурда №19 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөөдө.

XS
SM
MD
LG