Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Германиядагы элчи алмашат


БИШКЕК. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Апас Жумагуловдун дипломатиялык миссиясы аяктоодо. Буга байланыштуу аны Берлинде Германия президенти Йоганес Рау кабыл алды жана анда эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды. Германия президенти эки тараптуу кызматташуу деңгеелин жогору баалап, немис өкмөтү мындан ары да Кыргызстанга демократиялык жана рыноктук реформаларды жүргүзүүгө жардам берүүнү улантарын белгилеген. Германиядагы Кыргызстандын жаңы элчиси болуп Аскар Сарыгуловдун дайындалышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Германия боюнча адиси Бактияр Абдиев маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG