Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:31

Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз сессиясы аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз 15 сессиясы соңуна чыкты. Сессиянын акыркы күнүндө депутаттар Бишкек шаарынын мэринин отчетуна байланыштуу жарыш сөз сүйлөштү. Айрым депутаттар Бишкек шаарынын статусу жөнүндө мыйзам иштеп чыгууну сунушташты.Депутат Муратбек Мукашев Бишкек шаарынын райондорунун атын өзгөртүп, префектура кылып түзүүнү сунуштап, азыркы өлкөдөгү финансылык системаны мазмуну боюнча социалисттик, ал эми формасы боюнча рыноктук деп атап, Кыргызстанда реформалардын аксап жатышынын себеби ушул жакта деди. Эл өкүлдөр жыйыны 3күнгө созулган кезексиз сессияда кыймылсыз мүлк салыгын кабыл алышты, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюктун жана Бишкек шаарынын мэрининин отчетун угуп, ал маселелер боюнча эки токтом кабыл алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG