Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

ЕККУнун өкүлү Кыргызстанга келет


БИШКЕК.14-апрелде Кыргызстанга Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку Комиссары Рольф Экеус келет. Дүйшөмбү күнү ал Бишкекте тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана биринчи вице премьер министр Курманбек Осмонов менен жолугушуп, өлкөдөгү улуттар аралык мамиле, өз ара кызматташуу боюнча пикир алмашат. 15-16 –апрелде болсо Рольф Экеус Ош шаарында өтүүчү «Интеграциянын негизин түзүү: көп улуттуу Кыргызстандагы тил жана билим» деген темадагы тегерек столго катышат.17-апрелде ЕККУнун Жогорку Комиссары Бишкекте Президент Аскар Акаев, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен жолугушат. Бул тууралуу жума күнү ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG