Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Бишкек-Торугарт окуясын иликтөө уланууда


БИШКЕК. Бишкек-Торугарт жолунун 260-километринде автоунаада күйүп кеткен 21 адамдын сөөгүн жерге берүү үчүн туугандарына кайтаруу тууралуу Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын тиешелүү органдарынын ортосунда макулдашуу болду. Ага ылайык 17 адамдын сөөгү Торугартка автоунаа менен, ал эми үчөөнүкү Үрүмчүгө учак менен жеткирилет. Учурда набыт болгондордун 20сынын тизмеси такталды, бирок, туугандары жеке буюмдардын негизинде алардын үчөөнүн гана сөөгүн тааныды. Калгандарыныкы жакынкы күндөрү аныкталат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында аталган маселе боюнча маалымат берген вице-премьер министр, аталган иш боюнча комиссиянын төрагасы Кубанычбек Жумалиев маалымдады. Нарын облусунун аймагындагы жолдо күйүп кеткен адамдардын сөөктөрүн аныктоо максатында өткөн аптада алардын денелеренинен үзүндүлөр алынып, Кытай Эл республикасына жөнөтүлгөн. Жумалиевдин билдиришинче, экспертизанын жыйынтыгы 11-апрелде Бишкекке алынып келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG