Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Саддам Хусейн тирүүбү же өлүүбү, президент Жорж Буш муну билбейт


Бирок ал бир нерсени - ирак диктаторунун күнү бүткөндүгүн таасын билет. Жума күнү Буш Мэриленд штатындагы аскери госпиталда болгон кезде журналисттер менен жолугуп,согуш булуңдагы аскерлердин колбашчысы генерал Томми Фрэнкс белгиленген максаттар жүзөгө ашырылды деп айтканда гана бүтөрүн, алдыда ирак элин боштондукка чыгарып, бул өлкөнү массалык кыргын салчу куралдардан толук тазалоо милдети тургандыгын белгиледи. Америкалык президент ошону менен бирге Сириянын бийликтерин чек арасын жапканга, Ирактын мурдагы жетекчилерине бекем тоскун койгонго, ал эми мурда бул өлкөгө өтө качканга үлгүргөндөрдүн баарын кармап, коалициялык күчтөрдүн колуна өткөрүп бергенге чакырды.

XS
SM
MD
LG