Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

ПАРЛАМЕНТ ӨЗ ИШ МЫЙЗАМЫН ТАЛКУУЛООНУ АЯКТАДЫ


11-апрелде Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоону аяктады. Март айынан бери талкууланган бул мыйзамды депутаттар эмки жуманын башында кабыл алышат.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамды эки палатанын спикерлери Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев жана мыйзамчы депутат Ишенбай Кадырбеков Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык даярдашкан. Мыйзам беш бөлүктөн, 700дөн ашуун беренеден турат. 17-мартта башталып, эки жумага созулган талкуу учурунда депутаттар мыйзамдын «Жогорку Кеңештин иштөө тартиби жана аны уюштуруу» деген биринчи бөлүгүнө, парламенттин башка бийлик бутактары менен иштешүүсү, палатадагы комитеттер, төрага жана анын орун басарларынын укук-милдеттери жөнүндөгү маселелерге көп көңүл бурушту. Натыйжада, регламентке бир катар жаңы нормалар киргизилди. Ал тууралуу мыйзам авторлорунун бири Ишенбай Кадырбеков:

- Биздин регламентти эми президент бекитет. Эгерде президент макулдугун бербесе ал мыйзам болбой калат. Эгер мурда мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары парламент өз регламентин өзү эле алып жүргөн болсо, эми президенттин макулдугу менен кабыл алынат. Демек, андагы нормалардын бардыгы өлкөдөгү бардык бийлик бутактарына да тиешелүү болот жана аларды ким бузса аны жоопко тартууга негиз түзүлдү. Ошондуктан Административдик, Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүү киргизүү зарылдыгы да пайда болду, - деп билдирди.

Регламенттеги негизги өзгөчөлүк – «өкмөт жана анын мүчөлөрү, Улуттук Банктын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Эсеп палатасынын төрагалары жана башкы прокурор палата алдында жылдык отчет бергенде анын ишине депутаттар жашыруун добуш менен баа берет» деген норманын киргизилиши болду. Депутаттар мурун алардын отчетун уккандан кийин өз ойлорун ачык билдиргенден тартынып келсе, эми жашыруун добуш беришет. Эгерде «канааттандырарлык эмес» деген жыйынтык чыкса, палата кызматкерлерге жаза берүү же кызматтан алуу сунушун президентке жолдой алат.

Андан тышкары, палата төраганын жана анын орун басарларынын да отчетторун уккандан кийин жашыруун добуш менен баа берип, канааттанбаса аларды кызматынан алууга негиз берчү норма киргизилди. Ишенбай Кадырбековдун айтымында, мындай жобо Жогорку Кеңештин көзөмөл кылуу иш милдетин жогорулатууга жол берет.

Ал эми талкуу учурунда «комитеттердин саны канча болуш керек жана төрага канча орун басарга муктаж» деген маселе талаш жаратты. Буга Конституцияда «комитеттердин саны жетиден ашпасын» деп жазылгандан кийин ошондой санда түзүү керек деген ойлор түрткү берди. Депутат Апсамат Масалиев:

- Мына бул биз жазып жаткан берене 2005-жылга чейин гана иштейт. Комитеттердин саны көрсөтүлбөгөн вариантты кабыл алалы дагы, аны президентке жиберели. Эгер президент «жети гана комитет түзүлсүн» деп өз колу менен оңдосо, анда ошол киши жооп берет. Биз «бир депутат бир гана комитетке мүчө боло алат» деп жазып койсок кыйын кырдаалдан чыгабыз. Эки палата ошол негизде 2005-жылга чейин иштейт да, анан шайлоого барат, - деп сунуш киргизгенден кийин палата регламентке «бир депутат бир гана комитетке мүчө боло алат» деп жазып, комитеттердин санын көрсөтпөй турууну чечти.

Депутаттар «Жогорку Кеңештин комитеттери кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча өкмөттүн жана анын мүчөлөрүнүн маалыматын угат» деген беренени узакка талкуулашты. Ага премьер-министрдин палатадагы өкүлү Мурза Капаровдун «комитет өкмөттүн жана анын мүчөлөрүнүн маалыматын уккандан кийин аларга жаза берүүнү жана кызматтан алууну президентке сунуш кыла алат» деген жобону регламенттен алып таштоону өкмөттүн атынан өтүнгөнү түрткү болду. Ага депутат Өмүрбек Текебаев:

- Мыйзамдарды аткара турган өкмөт да! Комитет тиешелүү министрди чакырып сурай албаса, алар талапка жооп бергендей иштей албай жатса, аны президент менен өкмөт башчысына айта албаса, анан кантип көзөмөлдөйбүз? - деп каршы болду.

Спикер Абдыганы Эркебаев:

- «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамга өкмөттүн эч кандай корутунду пикиринин кереги жок. Эгер туура эмес болсо Конституциялык Сот карасын. Бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейлик! - деп, бул сунушту четке какты.

Ушуну менен 2005-жылда шайлана турган парламенттин иш мыйзамы даяр болду. Эми аны палата кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөтөт.
XS
SM
MD
LG