Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

БОРБОР КАЛААНЫН СТАТУСУ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек 3 күнгө созулган талкуудан кийин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары борбор шаардын статусу жөнүндө мыйзамды кабыл алуу жана анын башкы планын кайрадан иштеп чыгуу жөнүндө чечимге келишти.

Базар экономикасы башталгандан бери жумушсуз калган калк борбор шаарга чубап келүүдө. Быйылкы жылдын башында Бишкекте 800 миң адам каттодон өткөн болсо, иш жүзүндө анда 950 миң адам жашайт. Акыркы 10 жыл ичинде шаардын борбору да, чет-жакалары да болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Бирок сессияда ал баш-аламан өнүгүп жаткандыгы айтылды. Жада калса Бишкектин башкы планы да жок болуп чыкты.

- Эгемендүүлүк алгандан бери шаар өзгөрдү. Жаңы конуштар пайда болду. Шаардын экономикасын көтөрүүнүн жолдорун жана шаардык чарбаны каржылоонун тартибин карап коелу деп чечтик. Кошуна-колоң деген бар. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин борбордун борбордой эле болгону жакшы, - дейт маселени сессияга даярдаган социалдык саясат жана экология комитетинин төрагасы Бакирдин Жолчиев.

Бишкектин ири ишканаларынын көбү мурдагыдай иштей албай, токтоп турат. Ошондой болсо да борбор өлкөдөгү жыйналган салыктын басымдуу көпчүлүгүн берет. Жергиликтүү бюджет менен республикалык бюджеттин ортосунда акча бөлүштүрүү максатында мыйзам боюнча салыктар «республикалык салыктар» жана «жөнгө салынуучу салыктар» деп экиге бөлүнгөн. «Жөнгө салынуучу салыктардын» 35% жергиликтүү бюджетке, 65% республикалык бюджетке түшөт деген жобо киргизилген. Депутаттардын айтымында, Финансы министрлиги бул пропорцияны сактабай, шаардын бир топ акчасын республикалык бюджетке ооштуруп жиберип жатат. Мисалы, 2001-жылы шаардык бюджетке болгону 1 млрд. 85 млн. сом түшкөн. Мындай акча анын көп сандаган маселелерин чечкенге жетпейт.

- Бизде азыр 24% калат. 35% жеткирүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Жолдорду оңдоого мүмкүн болбой атат. Мисалы, жол салыгынан Бишкектин бюджетине бир да тыйын калбайт, - дейт Бакирдин Жолчиев.

Эгерде мыйзамдарда белгиленген пропорция сакталганда, Бишкек шаарынын бюджети жогоруда айтылган 1 млрд. 85 млн. сомдун ордуна 3 млрд. 112 млн. сом болмок. Бирок өзүн-өзү каржылай албаган региондорго дотация бериш үчүн Финмин ошого мажбур. Андыктан Бишкектин салыгын шаардын өзүнө толук калтыруу тууралуу сунушка каршы болгондор да болду.

- 35% чыгаралы десек, региондордун дотациясын кыскартыш керек. Ошондуктан биз бул маселени азыр чече албайбыз. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Ар бир регион борбордон ала турган субсидиясын жылына жок дегенде 1% азайтып турушу керек, - деди депутат Каныбек Иманалиев. Анын айтымында, Бишкекте негизги деп эсептей турган 3 проблема бар.

- Бул - акыр-чикир, жол жана жашылдандыруу. 40 км. жол Дүйнөлүк Банктан алынган кредиттин эсебинен бүтүп жатат. Бирок долбоорго кирбеген кичинекей жана чолок көчөлөр көп. Алардын жалпы узундугу 70 км. Кыргызстандагы транспорттун 50% Бишкекте экендигин эске алып, жол салыгын толук Бишкекке бериш керек. Жашылдандыруу маселеси мэрдин отчету боюнча чечилип атат. Акыр-чикир болсо – чыгаша нерсе. Акыр-чикирди чогултуп, кайра иштетип, брикет кылып сатмайын, чыгаша тармакты киреше тармакка айлантмайын мындай проблема боло берет. Бул боюнча да иштер жүрүп жатыптыр, - дейт Каныбек Иманалиев.

Сессияда кабыл алынган маанилүү чечимдер тууралуу Бакирдин Жолчиев бизге мындай деп билдирди:

- Чечимдердин эң маанилүүсү - борбордун статусу тууралуу жаңы мыйзам иштеп чыгуу. Борбордун башкы планы да жок. Биз аны да иштеп чыгууну тапшырдык. Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет боюнча укугунан пайдаланып, ага 14 млн. сом бөлүп берүүнү талап кылдык. Андан тышкары депутаттар мектептерге жана саламаттык сактоо мекемелерине төлөнүп жаткан акчаны мыйзамдаштыруу маселесин койду. Күзүндө бул маселеге кайра кайрылып, депутаттардын койгон талаптарынын аткарылышын карайбыз.
XS
SM
MD
LG