Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

ТАЛАС ОБЛУСУНДА ЭНЕРГЕТИКАНЫН АБАЛЫ ӨТӨ НАЧАР


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Коопсуздук Кеңешинде энергетика маселеси талкууланганда бул тармактын Талас облусундагы абалы өтө начар экени белгилүү болду. 200 миңдей калкы бар облустун карызы 200 миллион сомго жетип калган. Жагдайды оңдоо жана элдин нааразычылыгын күчөтпөө боюнча оперативдүү штаб да түзүлдү. Карыздарды азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө? Кабарчыбыздын суроолоруна «Түндүкэлектр» акционердик коомунун Талас бөлүмүнүн директорунун орун басары Нурдин Осмонов жооп берет.

- Талас облусу калк пайдаланган электр энергиясына акы төлөө боюнча жан башына эсептегенде Кыргызстанда биринчи орунда турат экен. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

- Былтыркы жылга салыштырмалуу бүгүнкү күндө 1-апрелге электр энергиясына болгон карыз 191 млн. болуп турат. 2002-жылы 107 млн. болгон, демек бир жылдын ичинде карыз 84 миллионго өстү. Себеби, Кыргызстанда газ жок, көмүр жок. Элдин бүт тиричилиги электр энергиясы менен байланыштуу. Элди «төлө» дей келгенде «айлык акыбыз аз, маянабыз жетпейт» деп атат. Элге кайрылып кетээрим - электр энергиясын пайдалангандан мурун эртеңки күнү төлөгөнү жөнүндө ойлоп, айлыгына карап пайдаланышса.

- Эми ушул карызды кантип өндүрөлү деп атасыздар?

- Карызды өндүрүү боюнча көптөгөн иш-пландар бар. Алардын бири - биз жакында эле коңшу Казакстандын Мерке өрөөнүнө барып келдик. Ошол жерде электр энергиясындагы коммерциялык жоготуу, карыз жок экен. Алар мындай кылыптыр. Ар бир трансформатордо бирден жардамчы жалдап алып, счетчик коюп, андан тышкары элдин счетчиктеринин баарын сыртка чыгарыптыр. Мисалы биз азыр үлгү иретинде кылып ар бир райондо бирден трансформатор чыгардык эле – талдоо көрсөтүп атат, коммерциялык жоготуу нөлгө түшүп, элдин электр энергиясын пайдалануусу төмөндөдү.

- Айрым учурларда силер карызды эл төлөгөн-төлөбөгөнүн карабай эле өчүрүп коёт экенсиздер. Төлөгөндөр жабыр тартып атат, алардын адамдык укуктары бузулуп атат.

- Бизде башка эч кандай айла калбай калды. Себеби, бир трансформатордон 100 киши электр энергиясын пайдаланып турса, анын ичинен төлөгөнү бешөө же алтоо эле болот. Алар үчүн биз калган 95 адамга электр энергиясын бере албайбыз. Себеби, ал биздин чыгымдарды актабайт. Биз ошол 5 адам үчүн күйгүзүп берсек, төлөбөгөндөр дагы эле кийинкиге дейре төлөбөй отура беришет.

XS
SM
MD
LG