Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Ооган башчысы Карзай: талиб болуу - кылмыш эмес


Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Хамид Карзай 12-апрелде өлкө губернаторлору менен жыйын өткөрүп, өлкөнү мурда башкарган Талибан кыймылынын жоокерлерин издөө улантыла тургандыгын билдирди. Бирок, анын айтымында, кимдир бирөө жөн гана бир кезде Талибан үчүн иштегени үчүн куугунтукталбаш керек, анткени талиб болуу - кылмыш эмес. Талибандын бир топ мурдагы мүчөлөрү азыр жаңы өкмөт менен кызматташууда, бирок анын жогорку жетекчилиги кармала элек. Кээ бир кабарлар боюнча, алар Ооганстан-Пакистан чек арасындагы тоолуу аймакта жашынып, азыр өз аскерий күчтөрүн кайра түзүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG