Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын талкуулоо үчүн Изарил өкүлчүлүгү АКШга учуп чыкты


Израилдин премьер-министри Ариель Шарондун жардамчысы Дов Вейсглас жетектеген өкүлчүлүк 12-апрелде Америка Кошмо Штаттарына учуп чыкты. Алар АКШ жетекчилиги менен Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы планды талкуулашат. Ал план - АКШ, Орусия, Бириккен Улуттар жана Европа Биримдиги тарабынан иштелип чыккан жана америкалык президент жакында Палестина автономиясында премьер-министр дайындалганда гана план ачыкка чыгарылат деп билдирген. Төрага Ясир Арафат жакында Махмуд Аббасты автономиянын премьер-министри кылып дайындады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG