Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Колин Пауэлл: Ирак маселесин Бириккен Улуттарга өткөрүп берүүгө АКШ даяр эмес


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 11-апрелде сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү аракеттеринде Бириккен Улуттар Уюму негизги мааниге ээ болбойт деп билдирди. Пауэллдин айтымында, Ирак маселеси толук чечиле элек жана аны Бириккен Улуттарга өткөрүп берүүгө АКШ азырынча даяр эмес, ошондуктан, Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү иштерин - ага каршы согуш жүргүзгөн коалиция башкарат. Мурда да Пауэлл - Садддамдын режимин кулатуу үчүн америкалыктар өз канын төктү, ошондуктан негизги маселелер АКШ тарабынан чечилет деп бир нече жолу билдирген. Бирок мамлекеттик катчынын пикиринде, Бириккен Улуттар эми Ирак боюнча бир нече жаңы документ кабыл алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG