Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Ирак шаарларында мындан ары АКШнын туусу көтөрүлбөйт


АКШ жетекчилиги өзүнүн Ирактагы аскерлерине - эч бир шаарда эч бир имараттын үстүнө америкалык тууну орнотпоого буйрук берди. Коалициялык күчтөр согуштун алгачкы күндөрүндө Умм Каср портун басып алганда, ал жерде АКШ туусун орноткон жана 9-апрелде Багдадга киргенде, Саддамдын алты метрлик айкелинин башын америкалык желек менен орогон, бирок ал жергиликтүү калкка жаккан эмес. АКШ жетекчилигинин айтымында, мындай аракеттер уланса, карапайым калк арасында Америкага каршы нааразылык күчөшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG