Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Басылып алынган шаарларда америкалык аскерлер тартип орното баштады


Америкалык аскерлер 11-апрелден тартып борбор калаа Багдаддын жана башка ири шаарлардын көчөлөрүндө жана негизги имараттарында күзөт жүргүзүүгө киришти. Ал үчүн Иракка кошуна Кувейттен кошумча аскерлер киргизилүүдө. Саддам Хусейндин өкмөтү Багдаддан 9-апрелде качып жоголгондон кийин жергиликтүү калк тарабынан Ирак шаарлары талоонго алына баштаган жана ага жол берилгени үчүн эл аралык уюмдар АКШ менен Улуу Британияны сынга алган. Америкалык жетекчилик азыр Багдаддын полициясын кайра иштетүү үчүн аракеттенүүдө. Өлкөнүн үчүнчү чоң шаары Мосул 11-апрелде басып алынды, экинчи ири шаар - Басрага коалициялык күчтөр апрелдин башында кирген. Алардын колуна азырынча - Саддам Хусейн туулган Тикрит шаары гана өтө элек.

XS
SM
MD
LG