Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Баткен облусундагы «Салам» радиосунун ачылганына бүгүн эки жыл толду


БАТКЕН. Мындан туура 2 жыл мурда Баткен облусунун борборунда «Эл аралык толеранттуулук» коомдук фонду менен Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) биргелешкен долбоору катары ишке ашкан «Салам» радиосунун ачылышы расмий түрдө белгиленген. Радионун ачылышы өлкө борборунан 1000 чакырымдай алыстыктагы бул аймактын эли үчүн өзгөчө окуя болгон. Анткени мурда жалаң кошуна Өзбекстандын радиолорун угуп, ошол тараптын маалыматына сугарылып келген эл өз тилинде радио угууга мүмкүнчүлүк алган. Аймактын элин маалымат менен камсыздоо максатында иштеп жаткан «Салам» радиосу бүгүнкү күндө суткасына 18 саат обого чыгат. Ал саат сайын облустун аймагында, өлкөдө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктарды, көңүл ачуучу уктурууларды жана ар кандай багыттагы 14 программаны обого алып чыгат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG