Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Кыргызстанга Орусиянын Омск облусунан делегация келди


БИШКЕК. Кыргызстан 7-июндан 9-июнга чейин Омск шаарында өтө турган аскерий-техникалык жетишкендиктердин көргөзмөсүнө катышат. Буга байланышкан чакырууну бүгүн премьер-министр Николай Танаев менен болгон жолугушуу учурунда Омск облустук делегациясынын жетекчиси, Сибирдеги «Азия» аттуу инвестиция фондунун президенти Михаил Птицын тапшырды. Жума күнү эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келген делегация мүчөлөрү премьер-министр менен жолугушуу учурунда облус менен Кыргызстандын кызматташтыгынын багыттарын талкуулашты. Ушул эле күнү делегация мүчөлөрү менен Кыргызстандын тиешелүү тармактарынын өкүлдөрү Омскиге 1,5 млрд. киловатт-саат өлчөмүндө электр энергиясын берүү тууралуу макулдашууга жетишти. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын кабарына караганда, делегация иш сапарынын учурунда тиешелүү тараптар менен кызматташтыктын бир катар багыттарын талкуулады. Атап айтканда, быйыл Омскиден жеңилдетилген баада «Вольво» үлгүсүндөгү 50 автобус алып келүү, Шамалдысайда алюминий идиштерди жасоочу завод куруу, Камбарата–2 жана Үчкоргон гидрокурулушуна Омск облусун катыштыруу өңдүү иштер эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери катары каралууда. Шамалдысайда завод куруш үчүн Омск облусу 20 миллион доллар бериши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG