Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

ЕККУ Майлысуу маселесин чечүүгө көмөктөшөт


БИШКЕК. 16-18-апрелде Бишкек жана Майлысуу шаарларында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жетекчилиги астында Майлысуудагы уу калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча окмуштуулардын жана эксперттердин жыйыны болот. Ага АКШ, Германия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын эксперттери жана окумуштуулары катышат. Алар Майлысуудагы уу калдыктары жайгашкан жерде болушат. Окумуштуулар жыйында уу калдыктарын зыянсыздандыруу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз сунуштарын жарыя кылышмакчы. Бул тууралуу маалымат бүгүн ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынды. Майлысууда 1946-67-жылдары уран казылып алынган. Андан 23 уу калдыктары сакталып, тоо-кен таштандылары топтолгон 13 жай калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG