Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Демократиялык коопсуздук кеңеши уюштуруу жыйынына чогулду


БИШКЕК. Бүгүн Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш алгачкы отурумуна чогулуп, анда уюштуруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш президент Аскар Акаевдин демилгеси менен «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» идеясынын алкагында 4-мартта түзүлүп, анын төрагалыгына академик Мирсаид Миррахимов, теңтөрагалыгына биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен Конституциялык Соттун судьясы Жумакадыр Тогойбаев дайындалышкан. Кеңештин негизги максаттарынын бири - Демократиялык кодексти түзүү болуп саналат. «Демократиялык кодекстин» атаандаш долбоорун буга чейин белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов жазып, «Слово Кыргызстана» гезитинин кечээки санына жарыялаган.

XS
SM
MD
LG