Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

ЕврАзЭСтин БАШ КАТЧЫСЫ ГРИГОРИЙ РАПОТА: «БИЗДЕ ЧЕЧИЛБЕЙ ЖАТКАН КӨП МАСЕЛЕЛЕР БАР»


12-апрелде Кыргызстанга Евразия Экономикалык Шериктештик уюмунун баш катчысы Григорий Рапота иш сапары менен келип, президент Аскар Акаев жана өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту.

Евразия Экономикалык Шериктештик уюмунун Кыргызстанга ишемби күнү келген баш катчысы Григорий Рапота эртең менен президент Аскар Акаев жана өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту. Григорий Рапотанын президент менен жолугушуудан кийин берген маалыматына караганда, анда ЕврАзЭСке кирген мамлекеттердин башчылар кеңешинин 27-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында боло турган жыйынында каралчу маселелер такталды.

- Жыйындын күн тартибинде өтө көп маселелер бар, - деди Григорий Рапота. - Биз ошолорду бир сыйра тактадык. Өзгөчө энергоресурстарды пайдалануу, транспорт проблемаларын чечүү жана айыл чарба тармагында кызматташууну өркүндөтүү маселелерине көңүл бурдук.

Григорий Рапотанын билдирүүсү боюнча, жолугушуу учурунда Шериктештиктин аймагындагы энергоресурстарды, анын ичинде Кыргызстандын Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушун толук аяктоо жана анын мүмкүнчүлүгүн биргелешип пайдалануу маселеси талкууга алынды:

- Бул маселени чечиш үчүн адегенде кай тараптан, кандай мамиле жасоо керек жана ал эки ГЭСтин курулушуна уюм кандай көмөк көрсөтө алат деген маселени талкууладык. Биз Кыргызстандын бул эки ГЭСинин курулушун аяктоо керек деген бир пикирге келгенбиз. Азырынча ал курулушту кантип баштоо керектиги алдын-ала белгиленген долбоор бар. Бирок биз аны дагы иликтеп чечишибиз керек. Анткени ГЭСтерди куруунун баасын жана техникалык каражаттарын так эсептеп, иликтеп туруп, техникалык-экономикалык негиздерин даярдашыбыз керек. Ошон үчүн мамлекеттер аралык кеңеште бул маселе боюнча бир чечим кабыл алынып, Шериктештикке мүчө мамлекеттерге көрсөтмө берилиши мүмкүн. Ал кабыл алынса, андан ары аракет кылууга кеңири жол ачылат.

Курулушу 90-жылдарда башталган Камбарата-2 ГЭСинин курулушун толук бүткөрүп, мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга ЕврАзЭСтеги мамлекеттердин ичинен Орусия менен Казакстан ынтызар болуп, анын техникалык-экономикалык негиздерин даярдоого макулдук беришкен. Григорий Рапотанын маалыматына караганда, бул эки ГЭСтин курулушу боюнча мамлекет башчылары бир чечимге келишсе бардык мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын адистеринин катышуусу менен техникалык-экономикалык негиздер иштелип чыгып, анда белгиленген көрсөткүчтөргө карата Орусиянын же башка мамлекеттердин инвестициясынын көлөмү аныкталат.

ЕврАзЭСтин баш катчысынын жолугушууларында талкууланган дагы бир орчундуу маселе - уюмга кирген мамлекеттер ортосунда транспорт байланышын жөнгө салуу болду. Григорий Рапотанын айтымында, бул Шериктештикке мүчө мамлекеттердин баарын ойлонтуп келаткан орчундуу маселе.

- Бул багытта байланыштын деңгээли анча мыкты эмес, - дейт ал. - Бизде чечилбей жаткан өтө көп маселелер бар. Биз кабыл алган «Автомобиль катнашы» деген макулдашууну Казакстан менен Беларусь эмдигиче ратификациялай элек. Менин оюмча ушул маселени биз быйыл аягына чыгарышыбыз керек.

КМШдагы мамлекеттердин ичинен бири-бирине экономикалык кызыкчылыгы бар беш мамлекет - Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Беларусь мурдагы Бажы Биримдигинин негизинде 2001-жылы Евразия Экономикалык Шериктештик уюмун түзүү чечимине келишкен. Бирок, бул уюмга мүчө Казакстан, Беларусь жана Орусия Украина менен биригип, эркин экономикалык аймак түзүүнү көздөп жатат. ЕврАзЭСтин баш катчысынын Кыргызстандагы иш сапарынын учурунда журналисттерди кызыктырган мына ушул суроо болду. Григорий Рапотанын пикири боюнча, аталган «төрттүк» түзүлсө ЕврАзЭСке эч кандай деле таасир тийгизбейт.

- Биримдик азырынча түзүлө элек, - деди ЕврАзЭСтин баш катчысы. - Азырынча идеяларды ишке ашыруу тууралуу гана сөз болууда. Ал төрттүк кандай чечимге бараары жөнүндө айтуу азыр мен үчүн абдан кыйын. Менин оюмча, ал ЕврАзЭСтин ишине эч кандай тескери таасир тийгизбеши керек. Эгер интеграциянын дагы бир баскычына алып бара турган чечим кабыл алынып калса, ал гармониялуу кызматташууга гана шарт түзөт деген ойдомун. Анткени азыр бизде үч баскычтагы интеграция бар экендигин билесиңер. Алар КМШ, Беларусь менен Орусиянын биримдиги жана ЕврАзЭС. Менин оюмча, булар өз өнүгүүсүндө бири-бирине тоскоол болгон жери жок. Ошондуктан, менимче бул жерде эч кандай проблема жок. Ал эми ошол төрттүктү түзөбүз деген лидерлердин айтымы боюнча, болочок уюмга кирүүнү каалаган мамлекеттер үчүн жол ачык болот.
XS
SM
MD
LG