Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

КИТЕПКАНАЛАРДЫН АБАЛЫ ООР


Маалымат жана билим кимдин колунда болсо, ийгилик да ошол тарапты жылоолой тургандыгын дүйнөдөгү орунттуу окуялар көрсөтүп келатат. Бирок Кыргызстанда ошол маалыматтын жана илим-билимдин очогу болгон китепканалар оор абалда күн көрүшүүдө. Мамлекеттик казынадан акча чегерилбей калган акыркы 10 жыл аралыгында өлкөдөгү китепканалардын абалы өтө кыйындап, алардагы адабияттардын саны жакырданып, мурдагы китептер эскирүүдө. Бишкек шаарындагы китепканалар чет өлкөлүк уюмдардын күчү менен кармалып турса, элеттеги китепканалардын көбү жабылып, жабылбагандары жакырданып бүткөн.

Билим берүү жана маданият министрлигинен алынган маалыматка караганда, ушу тапта Кыргызстанда 2,5 миңден ашуун китепкана бар. Совет мезгили тушунда аларга камкордук жакшы болгон: алыскы райондордун түпкүрдөгү айылдарындагы китепканаларга да Москвадан чыккан китеп, гезит-журналдар сыясы кургабаган бойдон, бат-бат жеткирилип турчу. Эгемендик алганы китепканаларга мамлекеттик камкордук токтоп, алардын көбү өз алдынча өлбөстүн күнүн көрүүгө өтүштү. Китепканалардын саны азайса азайды, бирок көбөйгөн жок. Алардын көбүнүн абалынын оордугун Кыргызстандагы башкы китепкана саналган Улуттук китепкананын мисалынан билсе болот.

Мамлекеттик казынадан акча бөлүнбөй калган эгемендик жылдарында анын абалы кыйындап, адабияттар фондусу жакырданып, колдо болгон китептер эскирип, тытылууда. Китепкананын улут бөлүмүнүн библиографы Айнагүл Сатарова да абалдын оордугун жашырган жок:

- Союз маалында жылына 180-200 миң жаңы китептер келип турчу. Азыр 15-20 миң адабият алабыз. Өзүбүздү-өзүбүз каржылайбыз. Мен билгенден, чет өлкөлөрдө китепканалар маалымат борбору катары кадырланып-баркталат. Бизде болсо мурда Союз маалында деле этибарга алынчу эмес – айлыгыбыз ошондо эле аз эле башкаларга салыштырганда, азыр деле жарып кеткен жокпуз. Мына менин айлыгым бөлүм башчы катары 750 сом, ал эми катардагы кызматкердики 300-400 сом.

Тарыхка кайрылсак, Кыргызстан аймагындагы алгачкы китепкана 1870-жылы Токмок жана Ош шаарларында ачылыптыр. Көчмөндүк турмушта күн көрүп келген кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу максатында Совет бийлиги орногон алгачкы мезгилде китепкананын милдетин боз үйлөр аткарган экен. Алсак, 1928-жылы бир эле ошол кезде кантон аталган Нарын өрөөнүндө 9 боз үй китепкана катары кызмат кылыптыр. «Кызыл үй» деп аталган андай боз үйлөрдө кыргыздар сабатсыздыгын жоюп, латын арибин таанып, кат жазганга үйрөнүшүптүр.

Азыркы тапта Улуттук китепкана республикадагы ири адабий жана маалымат казына болуп эсептелет. Анда 89 тилдеги 6 миллиондон ашуун ар кандай асыл адабияттар, кол жазмалар сакталып турат. Алсак, XII кылымга тиешелүү «Курандын» алгачкы кол жазмаларынын бир нускасы, XVIII кылымга тиешелүү «Бабур-наменин» бир нускасы, кыргыздардын өткөн кылым башындагы Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов өңдүү айжаркын окумуштуу, акын-жазуучуларынын кол жазмалары бар.

Китепкана күн сайын 1000-1300дөй окурмандарга кызмат көрсөтөт. 1991-жылдан тартып Кыргызстанга тиешелүү бардык маалыматтар электрондук «Кыргызстан» каталогуна киргизилип келатат. Кыргызстан тууралуу материалдарды минтип Интернетке киргизүүгө АКШнын Мамлекеттик департаменти жана АЙРЕКС уюму көмөк көрсөткөн. Китепкананын улут бөлүмүнүн библиографы Айнагүл Сатарованын айтымында, Интернеттен ар бир адам Кыргызстан, кыргыздар тууралуу кеңири маалыматтарды ала алат:

- Мисалы, кыргыздар жөнүндө өзүнчө каталог бар, андан канча кыргыз дүйнөнүн кайсы мамлекеттеринде жашайт, алардын жашоо-турмушу сыяктуу маалыматтарды алса болот.

АЙРЕКС уюмунан тышкары, китепкана ПРООН, ЮНЕСКО, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Каунтерпарт-Консорциум, ЮСИС сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар менен кызматташып келатат.

Бир жаркын мисал: китепкана Евразия фондунун көмөгү менен өзүндөгү адабияттарды жана маалыматтарды Интернет аркылуу издөө системасын киргизген. Интернет колунда болгон ар бир адам Улуттук китепкананын www.nlkr.org.kg баракчасына кирип, өзүнө керектүү маалыматтар, адабияттар менен тааныша алат. Бирок китепкананын китептерди тартипке келтирүү жана каталогдорго киргизүү бөлүмүнүн кызматкери Зуура Сыябекованын айтымында, система жаңыдан гана ишке кирип жаткандыктан, азырынча Интернеттеги баракчадан китепканадагы бардык маалыматтарды табууга мүмкүн эмес.

- Китепкананын жетекчилиги долбоор жазып, анын негизинде Евразия фонду төрт компьютер жана бир принтер берген, - дейт Зуура Сыябекова. - Анын жардамы менен биз китепканадагы бардык адабияттарды, маалыматтарды компьютерге киргизип жатабыз. Ар бир бөлүмдө бирден компьютер турат жана алар бири-бирине туташып, жалпы маалымат булагын түзөт. Эгерде окурман, мисалы, Чыңгыз Айтматовдун китебин издегиси келсе, компьютерге «Айтматов» деген ысымды басып, анын каалаган чыгармасын таап алса болот. Компьютерден Айтматовдун ал чыгармасы кайсы бөлүмдө канча нускада кандай шифр менен сакталып турганы көрсөтүлөт. Басмадан жаңы чыккан китептерди да ушул электрондук каталогго киргизип жатабыз. Мындан тышкары окурмандарыбыз тууралуу маалыматтар да түшө баштады. Бул ишибизди жаңы гана баштагандыктан азырынча 16 миң гана окурман компьютерге киргизилди.

Улуттук китепканадагыдай эле оор күндү Касымаалы Баялинов атындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн китепканасы баштан кечирүүдө. Бул жерде да жаңы адабияттар аз түшөт, жаңы чыккан китептерди сатып алууга болсо каражат жок. Китепкананын өспүрүмдөр бөлүмүнүн кызматкери Ырыскүл Дүйшееванын айтымында, бир жылда орто эсеп менен болгону 300-400 гана жаңы китеп келет.

- Мен айткан ал 300-400 китеп китепкананын өз күчү менен сатылып алынат, - дейт Ырыскүл Дүйшеева. - Мындан тышкары «Сорос-Кыргызстан» фондуна окшогон уюмдар да китептерди белекке берген учурлар болот. Негизинен, кыргыз тилиндеги адабияттар жетишпейт. Китептерди сатып алалы десек каражат жок.

Ошентсе да мындай оор абалга карабай китепкана «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен майып балдардын билимин арттыруунун «Коргоо» программасын ишке киргизген. Майып балдардын ата-энелери ассоциациясынын жетекчиси Тамара Дыйканбаева китепкананын кызматкерлерин алкоого алды:

- Биз китепкананын жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазыбыз. Себеби, балдарыбыздын каалаган китептерин телефон аркылуу айтып койсок, кечиктирбей үйгө жеткирип берип турушат. Анын жардамы менен биздин балдар мектеп программасын дурус өздөштүрүп жатышат.
XS
SM
MD
LG