Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:37

ОКУМУШТУУ ЖАНА КООМДУК ИШМЕР БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВДИН ТУУЛГАНЫНА БЫЙЫЛ 90 ЖЫЛ БОЛОТ


Көчкөн Сактанов, Бишкек Таланттуу окумуштуу жана коомдук ишмер Болот Юнусалиевдин туулганына быйыл 90 жыл болот. Бул кишинин иши жөнүндө филология илимдеринин доктору, профессор Акматов Токтосун маселе куруп берет.

- Агай, биз азыр сиз билген таланттуу окумуштуу жана коомдук ишмер Болот Юнусалиев жөнүндө кеп кылсак. Сөздү мына ушундан баштасак.

- Абдан жакшы болот. Анткени, 1952-жылы кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» элдүүлүгү жөнүндө маселе күн тартибине коюлуп, ар тараптан талкуулана баштайт. «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндө конференция ачылып, анда көптөгөн окумуштуулар катышат. Мисалы, москвалык окумуштуулар профессор Климович, профессор Боробков жана биздин жергиликтүү окумуштууларыбыз Нуров, Самаганов, Балтиндер ««Манас» эпосу элдик эмес, бул реакциячыл эпос, муну үйрөнүп-окуунун эч кандай зарылчылыгы жок» деп чыгышкан. Мына ушуларга каршы Болот Мураталиевич «Манас» эпосун абдан талдап чыгып, эпостун элдик экенин, эч кандай реакциячыл эмес экенин аныктап берген. Ушулардан кийин Болот Юнусалиевдин пикири туура экенин бүт окумуштуулар колдоп чыгышкан.

- 1956-жылы Молдо Кылычтын тегерегинде да бир топ талаш-тартыш болсо керек эле. Ошондо да илимий күрөштүн чордонунда Болот Мураталиевич болсо керек эле?

- Молдо Кылыч жөнүндө да тескери сын айтылып, «анын чыгармалары жалпы элдин кызыкчылыгын айтпай, байларды мактаган, орустарга каршы чыккан» деп чыгышкан. Чындыгында Молдо Кылычтын чыгармаларында бирде орусту мактаса, бирде сындаган көз карашы бар. Анткени ал киши молдо болгону менен дүйнөлүк социалдык абалды жакшы билген эмес. Константин Кузьмич Юдахиндин: «Маркстан мурда туулган Молдо Кылычты марксист болбойт деп күнөөлөп атасыңар, ал өзү кандай көрсө мезгилди ошондой реалдуу түрдө айтып берген» - деп айтканы бар. Болот Мураталиевич так ушул позициядан туруп, Молдо Кылычтын туура жана туура эмес жактарын кенен иликтеп, окуу программаларына киргизип, окутуп, изилдөө керек экенин биринчилерден болуп маселе кылып көтөргөн.

- Касым Тыныстановдун тегерегиндеги чатакта да ушул киши көкүрөгүн окко тоссо керек эле?

- Сөзсүз тосту. Ал айтчу, «мен кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн, кубулуштарын изилдөөнү Касымдан үйрөндүм» деп. Анткени Касым агартуу министри болуп турганда бул киши мектептер башкармалыгынын окуу китептери боюнча орун басары болуп иштеген экен. Касым Тыныстанов жөн жеринен, мисалы «орооң эгин болсо, мыкты болосуң» деген сөзү үчүн окуу китептеринен алынып салынган. «Китептеринде Совет мамлекетине, революцияга каршы эч нерсе жок, ошон үчүн актоого мезгил жетти» деп, атайын доклад менен чыгып, ушул докладда Тыныстановду «эч кандай күнөөсүз эле репрессияга кеткен» деп айтып чыккан.

- Болот Юнусалиев адам катары кандай инсан эле?

- Өтө принципиалдуу киши эле. Ал каза болгондо, академик Ахунбаев: «Кыргыз эли эң принциптүү, эң маданияттуу, билимдүү азаматынан ажырап калды», - деген. Чындыгында эле ошондой болчу. Бир эпизодду айтып берейин. Бул киши ректор болуп турганда, бир тууган карындашы төрөп калып, атайын курсуна катышпай калган. Ушул катышпай калганынан улам, баа койбой койгондо Юдахин, Карасаевдер ортого түшүп, «сенин аспирантың Акматов сен үчүн баа коюп койсун» десе, «жок, эртең башка студенттердин көзүн кантип карайм» деп, болбой койгон. Бул киши улуубу, кичүүбү, тууганыбы - баарысына бирдей мамиле кылчу. Ишти талап кылганда жетекчи катары катуу талап кылчу. Ал эми башка учурда, мисалы чай үстүндө ректор да эмес, жетекчи да эмес, катардагы кишидей аңгемелешип, тамашалашып отураар эле. Мына ушундай жактары менен дайыма бизди суктантаар эле.
XS
SM
MD
LG