Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

ОРУС БАСМА СӨЗҮ ИРАК СОГУШУН БАЙМА-БАЙ ЧАГЫЛДЫРУУДА


Төрөкул Дооров, Маскөө шаары. Ирак согушу проблемасын чагылдырууда буга чейин көбүнесе бир жактуу позицияда туруп келишкен дээрлик баардык орусиялык гезит-журналдарда акыркы аптада кыйла өзгөрүүлөр даана байкала баштады. Эми Ирак согушу боюнча АКШга жана Саддам Хусейн тарабына карата мамиле орус басма сөз каражаттарын үч негизги топко бөлүп салды.

Иракта согуштун биринчи күндөрүндө орусиялык маалымат каражаттары ээлеген позиция АКШ менен Британиянын биргелешкен аракетин «агрессивдүү күч» деп тааныгандыгын көрсөткөн. Анда гезит-журналдардагы макалалардын маанайы негизги эки топко бөлүнгөн эле. Биринчиси: АКШны «баскынчы» деп тилдеп, Иракка көңүл айткандардын тобу. Бул топко «Российская газета» , «Российские вести» , «Московский комсомолец» , «Газета СНГ» жана бир катар интернет басылмалары кирсе, экинчи топко көбүрөөк жалпы коомчулук үчүн сапаттуу басылмалардын ролун ойношкон «Коммерсант» , «Независимая газета» , «Известия» , «Московские новости» жана «Новая газета» гезиттери киришти. Бул гезиттерде анык бир тарапка жан тартуу деми байкалбаганы менен, көбүрөөк Орусия тандаган позиция сынга алынып келди.

Ал эми арадан үч жума өтүп, Ирак согушунун АКШ пайдасына аяктай тургандыгы ачык эле факт болуп калган кезде өлкөдөгү массалык маалымдоо каражаттарындагы саясат кайсыл тарапка бурулуп кеткендиги көпчүлүктүн башын айландырат. Электрондук маалымат булактарын эске албаганда деле, басма сөз өкүлдөрүнүн кандайча өңүттө маалымат таркатып жатышкандыгы катардагы окурманга ар убак эле дайын боло бербейт. Мында басма сөз чөйрөсү дагы бир канча топторго ыдырап кеткендигин эске алуу керек.

Биринчиден, буга чейин АКШга каршы позицияда туруп келишкен мамлекеттик гезит-журналдардын «башкы баскынчыга» карата мамилелери 180%га ооп, башкы маселе – Орусиянын абийирин сактоо деп тааныган топ пайда болду. Мындай маанайдагы гезиттерге «Новая газета», «Независимая газета», «Известия» гезиттери кирет. Бул тизмекке, аталган басылмалардан сырткары, оболку учурда америкалык аскерий күчтөрүн «оккупанттар» деп жазып келишкен мамлекеттик гезиттерди да кошсо болот. Анткени, мезгил талабын эске алуу менен алар бул сөзүн «коалициялык аскерий күчтөр» деген жаңы түшүнүк менен алмаштырышты.

Экинчиден, «Коммерсант», «Газета» гезити, «Власть» журналы ээлеген багыт дале болсо өзгөрүлө электиги байкалат. Анткени согушта баары бир АКШ жеңип, буга карата Орус жетекчилиги өз пикирин өзгөрткөнү менен аталган басылмалар алгач тандаган жолунан кайтышкан жок. Алар буга чейин ирактыктардын канчалык деңгээлде күчтүү каршылык көрсөтүп турушкандыгын жарыялап келишкен болсо, эми «коалициялык күчтүн каардуу муштумуна Ирактан кийин ким кабыл болот экен?» деген суроо менен алек болуп жатышат. «Коммерсанттын» жума күнкү, «Независимая газетанын» ишемби күндөгү сандарында жарыя кылынгандай, «Антитеррористтик коалиция» эми Сирияга көз артууда».

Ал эми согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү ишинде аскерий кол салууга каршы болуп келишкен Орусия, Франция жана Германияга кандай орун бериле тургандыгы түрдүү саясий эксперттердин ойлору менен «Власть» журналында жана «Независимая газетада» жарык көрдү. Ошондой эле бул маселе жума күнү Петербург шаарында өткөн аталган үч өлкө башчыларынын саммитинде да каралды. Анда Орусия Президенти Владимир Путин: «АКШнын Саддам режимин кулатканы, балким, коомдун өнүгүшү үчүн дурус болсо керек. Бирок бул үчүн тандаган аскерий жолу адамдардын өлүмүнө жана гуманитардык чоң жоготууларга алып келгендиги, эң башкысы - АКШнын баардык эл-аралык укук нормаларын аттап, проблеманы өз билгениндей чечкендиги, албетте, дүйнө коомчулугунун эртеңки күнүндөгү коопсуздугу үчүн чоң коркунучту жаратат», - деди. Акыр аягында ал саммитте кабыл алынган чечимди үч президенттин атынан мындайча жарыялады:

- Биз, Орусия, Германия жана Франция, буга чейин ирак проблемасынын саясий жол менен чечилишин колдоп келгенбиз жана бүгүн да ушул ойдо бекем туруп, маселенин аскерий күч менен чечилишине каршы экендигинибизди билдиребиз. Андыктан, проблеманы чечүү ишин эртерээк Бириккен Улуттар Уюму өз колуна алуусу керек деп ойлобуз. Биздин өлкөлөр мындай мамилеси менен канчалаган жылдар бою калыптанып келген эл-аралык глобалдык укук коргоо системасын сактап калуу аракетин көрүшөт. Биз анын бузулушуна жол бербешибиз керек. Анткени, андан башка дүйнө бүтүндүгүн сактай турган күч жок.

Петербургдагы бул саммитти талкууга алган «Газета» (12.04.03), «Коммерсант» (12.04.03), «Московские новости» жана башка басылмалар негизинен бул «үчилтиктин күчү» дээрлик жок экендигине басым жасашты.
XS
SM
MD
LG