Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

БУУнун СОГУШТАН СОҢКУ ИРАКТАГЫ ОРДУН КИМ АНЫКТАЙТ?


Согуштан соңку Иракты башкарууга Бириккен Улуттар Уюму кандай деңгээлде катышат? Ирактагы согуштун натыйжасы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталуусуна өбөлгө болобу? Бул суроолор азыр талдоочулар арасында кызуу талкууларды жаратууда.

Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш ишемби күнкү радиокайрылуусунда Саддамдын “катаал заманы” аяктап, ирактыктар өз каалаган жетекчилерди тандап алчу мезгил жакындап калганына назар салды:

- Жакында Ирактын мээрман жана жөндөмдүү эли алардын укугун урматтаган жана кулк-мүнөзүнө ылайыктуу жетекчилерди эркин тандоого мүмкүндүк алат. Бул окуялар жүзөгө ашкандан кийин, алар дүйнө элдери менен жакшы ыкласта жашайт жана Кошмо Штаттарынын калкы менен достук мамиледе болушат.

Үстүбүздөгү аптада президент Ж. Буш жана британ премьер-министри Т. Блэр БУУ Иракта “маанилүү роль” ойнойт деп сөз беришкен. Ага карабай, АКШнын согуштан кийинки Иракты башкарууда Улуттар Уюмуна чегерген орду, талдоочулардын айтымында, жаңы эл аралык жиктешүүгө алып барышы да мүмкүн.

Иракка каршы согушка башынан каршы чыккан “үчилтик”: Франция, Россия жана Германия уруштан кийинки Иракты башкаруу Улуттар Уюмунун жетекчилиги астында жүргүзүлүшү шарт деп санашат.
Үч өлкөнүн лидерлери мындай көз карашын жума күнү Санк-Петербургда өткөн кездешүүдөн кийин кайра тастыкташкан.

Араб өлкөлөрү, анын ичинде Мисир да Ирактын болочогуна ушундай өңүттө карайт. Мисирдин тышкы иштер министри Ахмед Махердин билдиришинче:

...чет элдик күчтөр Ирактан чыгарылып кетиши шарт. Эң негизгиси,..., Улуттар Уюму өз милдеттенмесин сактап, ирактыктардын өз өкмөтүн эркин тандоосун камсыздоосу керек.

БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан айткандай:

- Улуттар Уюмунун катышуусу (Ирак) үчүн зарыл, регион үчүн жана дүйнөнүн башка элдери үчүн зарурат мыйзамдуулукка негиз болот.

К. Аннан андай дегени менен, Канаданын Улуттар Уюмундагы мурдакы элчиси Дэвид Мэлондун сөзүнчө, “БУУ Косово жана Чыгыш Тимордогудай Иракты башкаруунун жоопкерчилигин өзүнө алууга даабайт”.
Д. Мэлон ушу кезде БУУ менен тыгыз кызматташып жүргөн Эл аралык тынчтык академиясынын президенти.
Бирок, ал Улуттар Уюму түрдүү партиялар менен этностук топтордун өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жалпы Ирак эли ишенген мыйзамдуу өкмөттү түзүүгө жардамдашуусу мүмкүн деп эсептейт.

Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору жана эл аралык компаниялар Иракта мыйзамдуу өкмөт түзүлүп, анын кепилдиги болмоюнча өлкөгө эч кандай кредит беришпейт жана келишимдерге кол коюшпайт. Ал эми тыш өлкөлөрдүн жардамысыз Ирактын экономикасын калыбына келтирүү узакка созулуп кетет дешет эксперттер.

Согуштан соңку Иракта эл ишенген өкүлчүлүктүү өкмөттү түзүү АКШ үчүн өтө маанилүү. Буштун администрациясы Саддамдын режимин кулатуу менен Иракта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү демократиялык өзгөрүүлөргө алып барчу бийлик орнотулат деген ниетте.
Лондондук эксперт Жонатан Стивэнсондун пикиринче, Ирактын жаңы өкмөтүнүн саясый таасири америкалыктардын үмүтүн актайбы, аны мезгил көрсөтөт.

20-мартта согуш башталгандан кийин араб өлкөлөрүнүн борбор шаарларында согушка каршы чоң масштабдагы демонстрациялар өткөн жок. Мунун өзү, ирактыктар коалициянын аскерлерин бошотуучулар эмес баскынчылар катары кабыл алат деген ишеним “акталбай калганын”, мындай көз караштагы адамдар “олку-солку” болуп жатканын күбөлөйт. Лондондогу Коргонуу проблемаларын үйрөнүүчү падышалык институттун талдоочусу Даниэл Нип Иракта тартип орнотулуп, өткөөл өкмөт түзүлгөнүн көрсө, Жакынкы Чыгыштын калкы демократиялык өзгөрүүлөрдү өз өкмөттөрүнөн талап кыла баштайт деп боолголойт.

XS
SM
MD
LG