Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

АКШ менен Кыргызстандын өнөрпоздору элдик музыканы даңазалап, кыргыз жергесинде чогуу концерт койо башташты


БИШКЕК. АКШ элчилигинин демөөрчүлүгү менен америкалык «Олд Грэй Гус» фольклордук ансамбли менен кыргызстандык «Теңир тоо» музыкалык тобу бүгүн Кыргызстандын аймагында биргелешип акысыз концерт бере башташты. Белгиленген төрт күндүк программасын музыкалык топтор Каракол, Чүй-Токмок, Карабалта, Бишкек шаарларынын көрүүчүлөрүнө сунушташат. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин тараткан маалыматына караганда, «Олд Грей Гус» - элдик ырларды жана музыкалык чыгармаларды даңазалаган, 25 жылдык тажрыйбасы бар фольклордук ансамбль. Анын аткаруучулары аккордеон, скрипка, гитара, банджо аспаптарында ойноп, ырдашат. Алар менен кызматташып жаткан «Теңир-Тоо» фольклордук тобу - былтыр жазында түзүлгөн жаш ансамбль. Анын курамында элдик ырларды аткарган ырчылар, комузчулар, кыл кыякчылар, манасчылар жана акындар бар.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Бурулкан Сарыгулова

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG