Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Бишкек-Торугарт окуясында набыт болгон 21 жарандын сөөгү жакындарына берилет


БИШКЕК. Бишкек-Торугарт жолунда автоунаада күйүп кеткен 21 жарандын аты-жөнүн, дарегин тактоого жана сөөктөрүн таанууга байланыштуу кыргыз-кытай биргелешкен экспертиза тобунун иши жыйынтыкталды. Сөөктөрдү таанууга байланышкан лабораториялык иликтөөнүн акыркысы Кытай Эл Республикасынын аймагында бир апта бою жүргүзүлүп, анын тыянагы Бишкекке бир күн мурун алынып келинген. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдон ишембиде алынган маалымат боюнча, экспертизалык иликтөөнүн жыйынтыгы эртең ачыкталат. Ушул эле күнү кытайлык жарандардын сөөктөрү жерге жашыруу үчүн жакындарына тапшырылат. Кайгылуу окуяны изилдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев набыт болгон кытайлык 17 жарандардын жасаты Кытайга Торугарт ашуусу аркылуу автоунаа менен, үч сөөк учак менен Үрүмчүгө кыргыз-кытай тараптарынын макулдашуусуна ылайык жөнөтүлөөрүн жума күнү билдирген. Бишкек-Торугарт жолунун 260-чакырымында 27-мартта болгон бул кайгылуу окуя боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде азыр атайын кызматтардын тобу тергөө жүргүзүүдө. Криминалдык иш катары бааланып жаткан бул окуяны иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу азырынча маалымат.

XS
SM
MD
LG