Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

САДДАМ ХУСЕЙН. БҮТПӨГӨН ЖОМОКТУН БҮТҮШҮ


Коалициялык аскерлер жакында Багдадды алганда бул окуяны комментариялап, Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд ирак президенти Саддам Хусейндин доору бүткөндүгүн белгиледи жана аны Гитлер, Сталин, Чаушеску өңдөнгөн дүйнөлүк диктаторлордун тизмесине кошуп атады. Саддам Хусейндин өлүү же тирүү экени азырынча беймаалым. Ал экс-югослав диктатору Слобадан Милошевич сыяктуу эл аралык трибунал алдында жоопко тартылабы-жокпу, бул да белгисиз. Болгону бир гана фактыны – Саддамдын доору, ал жөнүндө узакка созулган жомоктун биротоло бүткөндүгүн ишенимдүү айтууга болот.

Ирак диктаторун жакшы билген адамдар аны жеке мүдөөсү үчүн саясий ашыналары турсун атасын да саткандан кайра тартпаган карамүртөз эле дешет. Муну, мисалы, Ахмед ал-Рикаби тээ 60-жылдары Саддам менен түрмөдө бирге олтуруп, ошондо эле аңдаган экен. Саддам ким бирөөгө кырсыгып калса, ит куйругун түйүштүрүп, ал жөнүндө абак башчыларына чагым жеткирип турчу, деп эскерет ал-Рикаби. Бир ирет баканооздору аркылуу Саддам түрмө башчыларын ал-Рикабиге да айдактаган экен.

Саддамдын канына бүткөн бул адаты кийин кала берсе анын жакын жек-жааттарынын да түбүнө жетти. Баас партиясынын биринчи адыйы Ахмед Хасан ал-Бакр Саддамдын ары жердеши, ары жакын тууганы болгон. Экөө тең Тикритке жуук кыштакта төрөлгөн. 1968-жылдагы төңкөрүштө ал-Бакр бийликке келип, Саддамды өзүнүн найыбы – вице-президенти кылып алат. Бирок биринчи күндөн тартып эле Саддам бийликтин эки тизгин, бир чылбырын өз колуна алганга умтула баштаган, акыры ал-Бакрды ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенге кысмактап, анын ордуна өзү отурган. Ал эми 1989-жылы өз жездеси Хусейн Камелди карачечекей кайынагасы Аданандын вертолотуна бомба койгонго шыкактаган. Арадан көп өтпөй жездеси да табышмактуу жагдайда жантаслим болгон, иштин жайын билгендер Саддам анын көзүн өз тыңчыларынын колу менен тазалап салган дешет. Кийин, 90-жылдарда Саддамдын эки өгөй баласы да ушундай кутумдуктун курманы болушкан.

Саддам бийликке келгенден көп өтпөй эле Иракта массалык репрессиялар башталган, анын биринчи капсалаңына Саддамдын мурдагы саясий абагайлары менен ашыналары туш болгон. Өзүнүн мурдагы санаалаштары менен партиялаштарын түрмөлөрдө Саддам өзү суракка алып, мыкаачылык ыкмалар менен кыйнаган фактылары белгилүү. Жалпысынан ал бийликте турган чейрек кылым ичинде миңдеген адамдар жалаң саясий репрессиянын курмандыгы болушкан. Буга ирак-иран согушу маалында, түндүктөгү күрттөргө, козголоңчул шийиттерге каршы өткөрүлгөн жазалоо операциясынан опот болгондорду кошкондо Багдадагы режимден өмүрү кыйылгандардын саны бери дегенде миллионго чаап барат.

Күбөкер кишилердин айтымында, Саддамдын иш бөлмөсүндөгү китеп үкөктөрүндө Сталиндин чыгармалары шыкалып турчу экен. Ошентсе да Саддамдын көшөкөрлөрү аны ошол эле Тикриттен чыккан египет султаны Саладинге теңештиришчү. Саладин 1187-жылы крестүүлөрдүн мизин майтарып, алардын колун талкалаган. Саддамдан болсо арап дүйнөсү Батышка – илгерки крестүүлөрдүн азыркы урпактарына – ачык каяша кылып, тайманбай тирешкен жаңы баатырдын үлгүсүн көрүшкөн. Британдык экс-дипломат Жон Моберли элчи болуп Багдадда бир топ жыл иштеген, Саддам менен бир нече курдай жолугушкан. Саддамдын жаңы кылымда жалпы арап дүйнөсүнүн башкы лидери болгонго, өзүн мисирлик президент Абдел Насерге, а балким орто кылымдарда крестүүлөргө каршы күрөшкөн Саладинге тең койгон дымагы болгону анык, деп эскерет Моберли.

Өзүнүн ушундай кыялый образын кыяртпай сактоо үчүн Саддам пропагандалык таасирдүү тарыйкаларды колдонгон. Мамлекеттик идеология, мисалы, аны Мукамбет пайгамбардын өөк урпагы кылып жарыялаган. Саддамды жараткан алла таала өзү колдоп турат деп ташбыйкатташкан. Анын ушундай ыйыктыгына ишенген шахиддер менен федаиндер, республикалык гвардия согуштун баштапкы этабында коалициялык контингентке кыйла эле жаалданып каршылык көрсөтүштү. Бирок Багдадга түнү-күнү көктөн көнөктөп түшүп турган бомбалар менен ракеталар бат эле алардын көзүн ачты, натыйжада көптөгөн шаарларды ирак күчтөрү биринен сала бирин таштап, тапшыра баштады. Баш-аягы миллионго чамаалап барат деген кошуундар, Саддамдын аркалуу армиясы жер жуткандан бетер жиги чыкпай жок болду. Ошентип, тээ көөнө замандарда Багдадда жаралган миң бир түн жомогундай эле Саддам жөнүндөгү чейрек кылымга созулган уламыш да ушинтип акыры тамам болду.

XS
SM
MD
LG