Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Якутияда өткөн аптада өрттөн набыт болгон 22 мектеп окуучусунун сөөгү жерге берилди


Сыдыбал айлында 15-апрелде чыккан өрттүн курмандыктарын чогуу бир мүрзөгө көмүштү. Прокурорлор өрт курулуш эрежелерин сактабагандыктан келип чыккандыгын билдиришкен. Бирок НТВ сыналгысы бүгүн кырсыктын себеби тактала элек деп кабарлады.
Сыналгыга ылайык, жараат алган 15 баланы айыл ооруканасында, 20дан ашыгын күйүк борборунда Маскөөдөн келген дарыгерлер карап жатышат.
Якутиядагы кырсыктан үч күн мурда, Дагестанда дүлөй балдардын мектебинен чыккан өрттөн 28 бала ажал тапкан эле.

XS
SM
MD
LG