Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 21:30

Амеррикалык генерал АКШ аскерлери Саддам Хусейндин туулган шаарына басып киргенин билдирди


"Америкалык аскерлер Тикритке киришти, эч кандай каршылыкка туш келишкен жок" деди Томи Фрэнкс.
Тикрит –коалициянын колуна өтө элек Ирактагы акыркы ири шаар. Кабарларга караганда, америкалык жөө аскерлер шаардын чет-жакасына дээрлик тоскоолдуксуз кирип келишти.
Ирактагы коалициялык аскерлердин кол башчысы Томми Фрэнкс ошондой эле дайынсыз жоголуп жаткан алты америкалык аскер аман-соо табылганын бышыктады.
Багдадда бүгүн салыштырмалуу тынч, бирок айрым оодандарда каракчылык токтой элек. Түштүктө Басра шаарында британ аскерлери эски өкмөткө иштеген полиция кызматкерлерин ишке ала баштады. Түндүктөгү Мосул шаарында америкалык аскерлер көчөлөрдү патролдоп жүрүшөт, айрым дүкөндөр иштей баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG