Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

БИШКЕКТЕ ДАГЫ БИР АСКЕРДИК БАЗА ПАЙДА БОЛОБУ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек 2002-жылы Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттер антитеррордук түзүлүш жөнүндө келишимге кол коюшкан. Учурда бул келишим кыргыз парламентинде ратификацияланганы турат. Кыргыз коомчулугу «Бишкекте дагы бир аскердик база пайда болобу?» - деген кыязда бул жаңылыкты чочулоо менен кабыл алууда.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Террорго каршы аймактык борборунун Бишкекте орнотулушуна аз калды көрүнөт. Президент бул маселеге тиешелүү документтердин топтомун парламентке жөнөттү. 2002-жылы Санкт-Петербургда өткөн кеңешмеде Шанхай бирлигине мүчө беш мамлекет эл аралык терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөшө турган, негизги штаб-квартирасы Бишкекте жайгашчу түзүлүштү уюштуруу жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бишкекте терроризмге каршы эки аскердик базанын турганы жаңы уюшула турган бул борборго карата коомчулукта арсар пикирлерди жаратууда.

2001-жылы 15-июнда ал кездеги Шанхай бешилиги Терроризм менен биргелешип күрөшүү жөнүндөгү конвенцияны кабыл алган. Антитеррордук борбор уюштурулуп атканы - дал ошол конвенцияны турмушка ашыруудагы бирден-бир кадам. Келишимге көз чаптырсак, Бээжинде жана Бишкекте отурган тиешелүү тармактагы дыкат тандалган адистер маалыматтарды топтоп, кырдаалга сереп салып, оперативдүү-тактикалык машыгууларды өткөрүүгө көмөктөшүп, террордук актыларга катышкан кылмышкерлердин сары изине түшүп, терроризм менен күрөшүүгө зарыл болчу адистерди даярдашат. Бирок, али күнгө чейин бул борборго кандай адистер келээри жана куралдуу күчтөр орнотулаар-орнотулбасы туурасында так маалыматтар ачыкка чыга элек. Коргоо министрлигинин өз атын атабоону сураган кызматкери Шанхай уюмунунун антитеррордук борборунда куралдуу күчтөр да болоорун ырастады.

– Албетте, Кытайдын аскерлери салыштырмалуу көбүрөөк келет. Балким, аскерлер ар бир өлкөнүн өзүндө даяр турушу ыктымал, - дейт ал. Сөз соңунда Коргоо министрлигинин өкүлү, «Бишкекке куралдуу күчтөр келбеген күндө да өз өлкөлөрүндө акмалап туруп, бияктагылар «айт» дегенде жетип келип тураарын» кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык комитети бул келишимди ратификациялоо үчүн палатанын кароосуна жөнөткөнү турат. Эл аралык комитетти жетектеген депутат Алишер Абдымомунов ушул күзгө таяп Бишкекте дагы бир аскердик база пайда болоору анык экенин ырастады.

- Бул Бишкекте дагы бир аскердик база пайда болот деген кеп. Бишкекте эң чоң таасирдүү өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн турганы Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгы жана коопсуздугу туурасында ойлондурбай койбойт. Бишкекке аскердик базасын орноткон ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Ортодо Кыргызстан жапа чегип калбаса экен деген тынчсыздануу бар, - дейт депутат Абдымомунов.

Ырасмий Бишкек келишим боюнча бул борбор жайгашкан имараттын жана анда иштеген чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, алардын өмүрүнө кол салуу же террордук актылар болбошу үчүн жооп берет. Ал эми антитеррордук борборго кызмат өтөп аткан ар бир адис, кайсы өлкөнүн жараны болбосун, дипломатиялык статуска ээ болуп, кол тийбестик иммунитетине ээ. Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев бул борбордо куралдуу күчтөр эмес, терроризм багытында иликтөө жүргүзчү адистер гана отураарын билдирди:

- Бул аскердик база эмес, жөн гана терроризмге каршы борбор. Бул жерде терроризмдин кулач жайышын изилдеп, маалымат топтоп, кырдаалды талдап турган адистер гана отурат. Уюштуруу иштери жана каражат бөлүү маселеси чечилип атат, буюрса күзгө таяп адистер келип калышат.

Бишкекте таасирдүү өлкөлөрдүн аскердик базаларынын орношу коомчулукта талаш пикирлерди жаратып келет. Эл өкүлдөр жыйынынын вице-спикери Сооронбай Жээнбеков Бишкекте аскердик базалардын көбөйүшүн колдойт. Депутаттын пикиринде, Кыргызстан Баткен дубанына эки жыл катары менен кирип келген диний экстремисттерден ачуу сабак алгандан кийин терроризмдин тамырын кырккысы келген дүйнөлүк коомчулугунун иш-аракеттерине кошулганы оң. «Бишкекте чоң мамлекеттердин аскердик базаларынын көп болгону Кыргызстандын коопсуздугу үчүн жакшы», - дейт Жээнбеков мырза.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин оюнда, Кыргызстан өңдүү чакан мамлекетте бөтөн мамлекеттердин аскердик базалары жок эле болгону туура.

- Коопсуздугубузга коркунуч келтирип аткан терроризм бир аз басаңдаары менен аскердик базалар Кыргызстандан кетиши керек, - дейт мурдагы тышкы иштер министри. - Аскердик база - курал деген сөз. Ал эми куралдын жаман сапаты бар - ал бир күнү атат.
XS
SM
MD
LG