Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Кабулда кайрадан жарылуу болду


Баштапкы маалыматтарга караганда, Кабулда АКШнын элчилигине жана эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесине жайгашкан аймак ракета менен аткыланган. Жабыр тарткандар жөнүндө маалымат түшкөн жок. Ушул эле күнү Ооганстандын түндүгүндө автомобиль жарылып, төрт адам каза тапкан эле. БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы Ооганстандын бийликтерин өлкөнүн ички коопсуздугун чыңдоого үндөдү. Аталган мекеменин Кабулдагы өкүлү Маки Синохаранын айтымында, кырдаал стабилдүү болсо гана өлкөгө жүз миңдеген качкындарды кайтаруу жана гуманитардык программаларды ишке ашыруу мүмкүн болот. Соңку кездери Ооганстанда өкмөттүк жана чет өлкөлүк объектилерге жасалган удама-удаа кол салууларды байкоочулар жана ооган бийликтери талибдер менен ал-каидачылардын активдешүүсүнө байланыштырууда. Бир катар гуманитардык уюмдар жакында Ооганстандын түштүгүндө Кызыл Чырым коомунун кызматкери өлтүрүлгөндөн кийин өз иштерин убактысынча токтотуп койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG