Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Америкалык аскерлер Тикрит шаарына киришти


Саддам Хусейндин кичи мекенинде алар бир аз гана каршылыкка кабылышкан. Мунун алдында шаардын айланасынан белгилүү бир буталарга абадан сокку урулган болчу. Тикрит ирак режиминин соңку чеби эле. Ал эми Багдадда кырдаал акырындап оңолууда. Шаардын борбордук бөлүгүн америкалык аскерлер ирактык полицейлер менен биргелешип көзөмөлдөп жатат. Карактоолор менен талап-тоноолор азайды. Багдаддын борборунда, чет элдик журналисттер жашаган "Палестина" мейманканасынын жанында бүгүн эртең менен атышуу болгон. Эч ким жабыр тарткан жок. Издөө учурунда америкалык аскерлер коңшу көчөлөрдөн ок аткан адамдардын бирин кармады. АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин жекшембиде билдиргенине караганда, эми аскерлер Ирактан массалык кыргын салуучу куралдарды табууга киришет. Учурда Вшингтондо БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын Ирак боюнча атайын кеңешчиси Рафиуддин Ахмед америкалык расмий өкүлдөр менен Иракта согуштан кийин аткарылуучу иштерди талкуулоодо. АКШ тарап согуштан кийин Иракты калыбына келтирүүдө БУУ кандай роль ойноорун так айта элек.

XS
SM
MD
LG