Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Спикердин үй-бүлөсү мамлекет эсебинен мыйзамга ылайык тейленет


БИШКЕК. «Мен Кыргызстандагы абдан жөнөкөй жана ынсаптуу адамдардын биримин, мыйзам талап кылгандай палатанын аппаратында бир да тууганым иштебейт, мен ага жол бербейм», - деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев. Анын мындай билдирүү жасашына палата депутаттарынын «мамлекеттик машиналарды ашкере пайдаланат, депутаттарга бирдей мамиле жасабайт жана аппаратты тыкан башкарбайт» деген сын пикирлери себеп болду. А. Эркебаев депутаттарды палатанын иши менен өз ич ара таарынычтарын чаташтырбоого чакырды. Спикердин айтымында, депутаттардын сыны негизсиз. Анын үй-бүлөсү парламент 1990-жылы кабыл алган чечимге ылайык мамлекеттик машина менен тейленүүгө укуктуу. Ушул эле чечимдин негизинде президенттин, Эл өкүлдөр жыйын төрагасынын, премьер-министрдин жана Конституциялык Сот жетекчисинин үй-бүлөсү чет өлкөлүк жаңы машиналар менен тейленүүдө.

XS
SM
MD
LG