Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Өкмөт инвестициялык фонддордун жаңжалсыз жабылышын каалайт


БИШКЕК. Кыргызстандагы инвестициялык фонддордун таза кирешеси өткөн жылы 100 миң сом болду. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыров билдирди. Анын маалыматына караганда, былтыр атайын инвестициялык фонддордун активи 20 миллион сом болгон жана ал жылдан жылга азайып барат. Алардын инвестициясынын жалпы көлөмү 17 жарым миллион сом болуп, 14 миллион сому акционердик коомдорго туура келет. Уран Абдынасыровдун айтымында, Кыргызстанда азыр инвестициялык 13 атайын фонд бар. Алардын жарымы карыздарынан улам ишкердүүлүгүн өзгөртүүгө мажбур болууда. «Ошондуктан, өкмөт алардын чыр-чатаксыз жабылышын каалап турат», - деп билдирди Уран Абдынасыров.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG