Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

А.Эркебаев: «Парламент таратылса Кыргызстандын эл аралык баркы кетет»


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев палатанын ишке киришкендигинин 3 жылдыгына карата маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында ал: «Эң натыйжалуу иштеп жаткан парламент таратылса же өзүн-өзү таратса эл аралык аренада Кыргызстандын ансыз деле төмөндөп бараткан кадыр-баркын ого бетер түшүрөт», – деп билдирди. Спикердин айтымында, «парламент тарайт» деп, 3 жылдан бери айтылып келе жаткан имиштердин негизи жок. Анткени, палата 3 жыл ичинде 371 отурум өткөрүп, 547 мыйзам долбоорун карады. Анын 433үн кабыл алып, 359уна президент кол койду жана азыр 23ү президенттин кароосунда. Палатага түшкөн мыйзамдардын ичинен 51и кайра иштетүүгө жөнөтүлүп, 44үнө президент вето койду. Алты мыйзам боюнча президенттин каршылыгына палата макул болуп, бирөө боюнча бир чечимге келген жок. Андан тышкары палата 1037 токтом кабыл алып, 22 өкмөттүк саат, 30 парламенттик угуу өткөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG