Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Кыргызстанда венчурдук фонд түзүлмөк болду


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Өнөр жайын жана инновациялык ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда Кыргызстанда 2003-2004-жылдарда венчурдук ишмердикти өнүктүрүүнүн концепциясынын жана венчурдук фонд түзүү тууралуу президенттин жардыгынын долбоорлору талкууланып, бекитилди. Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин жыйында маалымат берген директору Роман Оморовдун айтымында, венчурдук фонд ишканаларда жаңы технологияларды өркүндөтүү жана аны иштеп чыгыш үчүн каражаттарды тартуу максатында түзүлөт. Азыр «Илим жана техника тармагында Кыргызстандын инновациялык ресурстары» деген каталог түзүлүп, ага 280 илим-изилдөө уюмдарынын, окумуштуулардын, окуу жайларынын эмгектери киргизилди. Ал инновациялык технологиялар боюнча 2001-жылы түзүлгөн мамлекеттик борбордун маалыматынын негизинде түзүлдү. Ал эми ушул жылдын башында түзүлгөн Мамлекеттик инновациялык фонд келечектүү долбоорлорду тандоо жана каржылоо механизмин табуу аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG