Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Бишкек-Торугарт жолунда өлтүрүлгөн адамдардын аты-жөнү аныкталды


БИШКЕК. Бишкек-Торугарт жолунда 27-мартта өлтүрүлгөн 21 адамдын үчөө кыргыз жарандары, Жалалабад облусунун тургундары болуп чыкты. Калгандары кытай жарандары экендиги аныкталып, аты-жөнү такталды. Бул тууралуу бүгүн кырсыкты иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 15 кишинин сөөгү автоунаа менен Кытайга жөнөтүлдү. Калган үчөөнүн сөөгү шейшемби күнү учак менен жөнөтүлмөкчү. Ал эми кыргыз жарандарынын туугандары Бишкекке чакырылды. Аларга да каза болгондордун сөөгү тапшырылмакчы. Кубанычбек Жумалиевдин сөзүнө караганда, 27-марттагы трагедия - криминалдык иш, анын бетин ачууга тартип коргоо органдары колдон келген аракетин жасап жатышат.

XS
SM
MD
LG