Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

САДДАМ ХУСЕЙНДИН КИЧИ МЕКЕНИ ТИКРИТТИ АКШ АСКЕРЛЕРИ ЭЭЛЕДИ


Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттарынын аскерлери Ирак өкмөтүнүн акыркы таянычы деп саналган Тикрит шаарынын борборун олуттуу каршылыксыз ээлешти. Тикрит президент Саддамдын кичи мекени. Андан бир аз мурда, америкалык аскерлер менен жергиликтүү уруу аксакалдарынын ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүсү болгон.

АКШнын деңиз күчтөрүнүн аскерлери дүйшөмбү күнү таңга жуук Ирактын Республикачылар гвардиясы менен болгон кыска салгылашуудан кийин президент Саддам Хусейн туулуп өскөн Тикрит шаарынын борборун ээлешти.

Тикрит операциясынын жетекчиси, генерал Жон Келлинин билдиришинче, жекшемби күнү шаар четинде болгон салгылашууда ирактык беш танк талкаланган жана 15 аскер жок кылынган.

Дүйшөмбү, 14-апрель күнкү таңкы чабуулдан бир аз мурда, жергиликтүү уруу аксакалдары “тынчтык сүйлөшүүсүн” сунуш кылып, башкаруучу Баас партиясынын шаардык башчыларынын кээ бирлерин кармап бермек болушканын арабдардын “Ал-Жазиира” телеканалы кабарлаган. Тикрит шаарынын негизги калкы - Саддамдын уруулаштары.

АКШнын аскерий жетекчилиги Тикритти Саддамга ишенимдүү күчтөрдүн акыркы таянычы болот, ошондуктан шаар катуу каршылык көрсөтөт деп мерчемдеп, ага соңку күндөрү абадан дембе-дем сокку урган.

Тикрит ээленсе да, коалициялык күчтөрдүн командачысы генерал Томми Фрэнкстин сөзү менен айтканда, Иракта согуш бүттү деп айтканга али эрте:

- Менин оюмча, биздин баары аткарылды, шайтан алгырдыкы десе, баары бүттү деп айтканыбыз эртелик кылат.

АКШлык ырасмий булактардын кабарлашынча, Сириянын чек арасында Саддамдын энелеш бир тууганы Ватбан Ибрагим Хасан кармалды. Ал АКШ колго түшүрүүнү каалаган 55 адамдын бири. Ватбан 1995-жылга чейин ички иштер министри, андан кийин Саддамдын кеңешчиси болуп иштеген.

Ирактын көпчүлүк шаарлары коалициялык күчтөрдүн ээлиги астына өткөн. Саддамдын режими кулагандан кийин Багдадда жана башка шаарларда күч алган талап-тоноолор тыйыла баштады. Эл аралык гумантирдык уюмдар бейбаштыкты токтотпойт деп коалициянын аскерлерин мурда күнөөлөгөн эле. Коомдук тартипти камсыздоо үчүн өткөн аптада 40 миң колдуу полиция күчтөрү түзүлгөн.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин билдиргенине караганда, өлкөдө акырындап коомдук тартип орнотулууда. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро айтканга караганда да абал оңолуп баратат:

- Менин түшүнгөнүмө караганда, Багдаддагы кырдаал жакшырып баратат... Биз, баарынан мурда, Кошмо Штаттарынын аскерлери брондолгон машинелеринен чыкса атып өлтүрүлбөгөнүнө ишенген жагдайга жетишүүбүз керек.

Талдоочулардын пикиринче, коомдук тартип акырындап калыбына келтирилип жатканы менен, Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү татаал болчудай.
АКШ өкмөтүнүн планына ылайык, кыска мөөнөттүк аскерий башкаруудан кийин өкүлчүлүктүү, курамына тыш өлкөлөрдөгү оппозициянын да өкүлдөрү кирген өткөөл өкмөт түзүлүш керек.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Ирактагы согуш аягына чыкты дегенге азыр эрте. Пауэлдин сөзүнчө:

- Ирактын жаңы өкмөтүн кургандан кийин гана … бул өнөктүк, бул операция ийгиликтүү болду деп айта алабыз. Ирактын эли терроризмдин ар кандай түрүн чанып, өлкөдө эч кандай массалык кыргын салчу куралдар болбой, качан алар Ирактын байлыгын Ирактын элинин пайдасына колдонуп жана коңшуларына коркунучтуу куралдарды жасабай калгандан кийин, биз маселени жабык же Саддам Хусейн жок кылынды дейбиз.

Ирактык оппозиция убактылуу өкмөттүн түзүмү боюнча алгачкы жолугушууну шейшемби күнү өлкөнүн түштүгүндөгү Насирия шаарында өткөрөт. Өкмөт башчылыкка бир нече талапкер бар. Бирок алар өлкө ичинде анча белгисиз ишмерлер.
XS
SM
MD
LG