Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН УКРАИНАНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мындан 10 күндөй мурда премьер-министр Николай Танаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Киевде болуп келген болчу. Өткөн жумада Украинанын президенти Леонид Кучма Кыргызстанга келип кетти. Эксперттер муну 2 мамлекеттин ортосундагы кийинки кезде сууп кеткен мамилелердин жандана башташынын белгиси катары баалашат.

Кыргызстандын Украинадагы кызыкчылыгы кайсы дегенде, биринчи кезекте анын 28 млн. доллар карызын айтса болот. Украина үчүн бул анчалык деле чоң сумма болбогону менен, Кыргызстан үчүн чоң акча. Анын үстүндө бул Кыргызстандын чет өлкөдөн ала турган жападан-жалгыз аласасы. Бирок 10 жылдан бери Украина ал карызды мойнуна албай келет. Ушунун айынан 2 өлкөнүн ортосунда мамиле көптөн бери анча жакшы болбой келген. Мындан 10 күн мурдараак гана премьер-министр Николай Танаев Киевге барып, бул маселени көтөргөн болчу. Киевден келгенден кийин өкмөт башчы биздин радиого интервью берип, «карыз быйылтан тартып кайтарыла баштайт» деген. Бирок тиешелүү органдар маселе биротоло чечиле электигин, бир айдын ичинде Кыргызстан тиешелүү кагаздарды топтоп, Киевге жөнөтөөрүн, ошондо гана Украина «карызды мойнума алдым» же «албадым» деп жооп берээрин айтышат.

- Кыргызстандын расмий делегациясынын Украинага барышынын чоң натыйжасы – бул 1992-1993-жылдардагы мамлекеттер ортосунда товар алмашуунун негизинде келип чыккан аласа–береселерди жөнгө салуу маселесин кароо жана ал боюнча иш жүргүзүү тууралуу 2 премьер-министрдин деңгээлинде чечимдин чыгарылышы болду. Бул иштин башталышы эле. Карызды моюнга коюп, тактап, кайтарып алыш үчүн дагы көп иш жасаш керек, - деди Финансы министрлигинин экономика жана структуралык саясат департаментинин директору Гүлмира Кожобекова.

Эксперттер карыздын оң чечилиши мүмкүн болгону менен, бул кыйын маселе экендигин айтышат. Анткени Украинанын мындай карыздары өтө эле көп. Мисалы, ошол эле мезгилдеги товар алмашуунун натыйжасында ал Орусияга 1 млрд. долларга жакын акча карыз болуп чыккан. Украина «ал кезде валюта бир болчу» деп, бул карыздардын бардыгын мойнуна албай келген. Эксперттердин айтымында, эгерде Украина биздин карызды мойнуна алып төлөй турган болсо, ал башка карыздарын да төлөп берүүгө мажбур болот.

Кыргызстандын Украинадагы дагы бир кызыкчылыгы - ал, албетте, көнүмүш соода-сатык маселеси. СССР урагандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу анча деле көп эмес. Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстандын Украинага экспорту 4,3 млн. долларды, андан келген импорт болсо 8 млн. долларды түзөт. Бирок Украина көлөмү жагынан КМШда Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Анын рыногу Кыргызстан үчүн эбегейсиз чоң. Антсе да КМШ мамлекеттеринин ортосундагы кийинки учурда күчөп кеткен «жапайы» соода тартиптери буга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна өтүп алган Кыргызстан өз өнөктөштөрүнүн ал уюмга тезирээк өтүшүн жана анын эрежелери менен адилет соода жүргүзүшүн каалайт.

Премьер-министр Николай Танаевдин Киевге барганда айткан маанилүү сөздөрүнүн бирөө - «Кыргызстан Украинанын Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна тезирээк киришин кубаттайт» деген сөзү болду.

- Азыр КМШнын бардык мамлекеттери өз товар чыгаруучуларынын кызыкчылыгы үчүн жогорулатылган импорт тарифтерин киргизип жатышат. Биздин Майлысуу электр лампа заводунун лампочкалары ошондой тарифке туш болууда. Биздин лампочкалар Украинанын рыногунда жакшы өтүп атса, Украина КМШнын алкагында кол коюлган келишимдерге карабай туруп, тарифти көтөрүп койду. Украина Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна кирсе, андай кыла албайт. Азыр ал Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна кирем деп аракет кылып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан уюмга мүчө болгондуктан, алар бизден да макулдук алышы керек. Биздин шарттарды Украина аткарбаса, биз протоколго кол койбойбуз. Биз кол койбосок, Кыргызстан кичинекей мамлекет болсо да, Украина уюмга мүчө боло албайт, - дейт Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар жана Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюму боюнча башкармалыгынын жетекчиси Анархан Рахманова.
XS
SM
MD
LG