Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

КЫРГЫЗСТАН САРЫМОГОЛ АЙМАГЫН ТАЖИКСТАНДАН КАЙТАРЫП АЛА БАШТАДЫ


Кожогелди Култегин, Ош Совет доорунда Тажикстан Кыргызстандан ижарага алып, акысыз пайдаланып жүргөн Сарымогол аймагын Тажикстандан Кыргызстандын Алай районуна кайтарып алуу жараяны башталды. Бул милдетти аткарууга киришкен Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештик уюмундагы туруктуу өкүлү, вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов кабарчыбыз менен ой бөлүшөт.

- Базарбай Эстебесович, адегенде эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын Сарымоголдогу иш-аракеттери кандай болгондугу тууралуу кеп салсаңыз.

- Тажикстандын делегациясын анын биринчи вице-премьер-министри, Кыргызстандын делегациясын мен жетектеп Сарымоголго барып келдик. Тажикстандын Мургап району 1946-жылдан бери 57 миң 800 гектар жерди убактылуу жайытка пайдаланып жүргөн. Элдер Мургаптан биздин өкмөттүн уруксаты жок көчүп келип, ошол жерге кыштак куруп алышкан. Азыр ошол кыштакта 600дөн ашык үй, 3500дөн ашык Тажикстандын жарандары бар. Алардын бардыгы эле кыргыздар.

- Жерди кайтаруу боюнча чечим качан чыккан?

- 2002-жылы 9-октябрда кыргыз өкмөтүнүн чечими боюнча «мурда Тажикстан убактылуу колдонуп жүргөн 57 миң 800 гектар жер Кыргызстанга кайра кайтарылып берилди» деп чечим чыгарып, ал жерди Алай районунун эсептик документине киргизип, эсепке алып, кайра кайрып алдык. Биз биринчи жолу биргелешкен өкмөттүк комиссия болуп барып, ошол жерде жашап аткан элдин статусу эмне болот, паспорт алмаштыруунун эрежеси кандай болот, аны кантип чечип бериш керек - ошону эл менен сүйлөштүк. Алардын бардыгы Тажикстандын жарандары.

- Эмне деп сүйлөштүңүздөр?

- «Жер бизге өткөндөн кийин, силер Тажикстандын жарандары болгондон кийин, биз жер мыйзамы боюнча силерге жерди ижарага да, убактылуу да бере албайбыз. Ошондуктан Кыргызстандын жарандыгын алганга дейре, ошол жерде силерге жолун таап, өкмөттүн чечимин чыгарып, быйылча убактылуу берип турабыз», - деп айттык.

- Ал жердеги элдин кээ бири «Кыргызстанга өтөбүз» деп, кээси «Тажикстанда калабыз» деп, талаш-тартыш болуп атса керек эле?

- 80% эл, айрыкча жаштар азыр дароо эле Кыргызстандын жарандыгын алып Сарымоголдо калып, өзүнчө айыл өкмөт болуп, «кыргыздын мыйзамы боюнча жерди бизге бекитип бергиле» дейт. Калган 20% эски кишилер, айрыкча карыялар, «мурдагы эле шарт менен биз колдоно берели, Тажикстанда эле кала берсин» дешет. Бирок ал кишилердин айтканын туура түшүнгөн элдер кыйкырып, «туура эмес, булар айта берет» деген сөзгө чейин келишти. Бирок биз аларга эч кандай басым, кыйноо көргөзгөн жокпуз. «Бардыгы өз ыктыяры менен болот», - деп айттым.

- Алардын турмуш деңгээли кандай экендигин да баамдагандырсыз?

- Социалдык-экономикалык акыбалы башка райондордукуна салыштырмалуу начар. Суу түтүгү жок, элдин акыбалы кыйын. Бир жылда жети-жети жарым ай кыш болсо, кыйынчылык болот да.

- Сиздер менен Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри баштаган делегациясы да барды. Бул маселеге тажик тарап кандай карап жатат, алардын маанайы кандай?

- Алар, «жер кыргыздыкы экендигинин талаш жок. Сарымоголдун эли кыргыз болгондон кийин, Кыргызстанга өтөт, Кыргызстандын жарандыгын алат. Бирок сиздер шаштырбасаңыздар» деген ойду айтып атышат. Биз дагы айттык, «биз эч кимди кыйнабайбыз» дедик. Булардын дагы бир өтүнүчү болду. «27-апрелде Дүйшөнбүдө президенттер жолугат. Биздин урматтуу Аскар Акаевич да ошол жерде болот. Ошол жерде Тажикстандын президенти Аскар Акаевичтен суранайын деп атат, мурдагы эле шарт менен булар убактылуу ошол жерди колдонуп тураарын» дешти. «Мейли, - дедик, -президент суранса, Аскар Акаевич өзү чечим кабыл алат».
XS
SM
MD
LG