Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:10

ИЛИМ: КИШИ ГЕНОМУН ИЗИЛДӨӨДӨ ИРИ КАДАМ ЖАСАЛДЫ


Батыш илимпоздору адам баласынын генетикалык кодунун ырааттуу жайгашуусун чечмелөөгө жетишти. Илимдин жаңы тармагы – “геномиканын” ири жетишкендиги башка дагы бир жаңы багыттын - протеоника тармагынын калыптанышы үчүн башат ачууда.

Кишинин гендерин бири-бирине салыштыруу түйшүгү буга чейин бир нече жылды талап кылчу. Эми британдык жана америкалык окумуштуулардын биргелешкен иликтөөсүнүн натыйжасы денедеги кайсы ген туура эмес иштеп жатканын бир нече күндө гана тактоого мүмкүндүк берет. Бул – саламаттыкты сактоо тармагы үчүн олуттуу революциялык илгерилөөнү камсыз кылаары шексиз.

Мындан үч жыл илгери АКШ менен Британиянын окумуштуулары киши “геномунун” чечмеленишинин сомоло варианты даярдалды деп жарыялашканда, премьер Тони Блэр менен ошол кездеги президент Билл Клинтон алардын ачылышын жогору баалап, “өмүр китебинин” 97 пайызы чечмеленди деп айтышкан. Эми бул чечмелөө дээрлик жүз пайызга аткарылып отурат.

Кишинин ДНКсынын жайгашуу ирээтин тактоодогу жумуштун үчтөн бир бөлүгүн британдык Сэнгер институту аткарды. Институттун өкүлү, доктор Жейн Рожерс алдыга коюлган илимий долбоор мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлгөнүнө канааттангандыгын билдирди. Мурда түшкө кирбеген бир катар биомедициналык сыноолорго эмитеден эле киришсе болот, - дейт Рожерс. АКШдагы илимий изилдөө мекемеси – Геномду иликтөө боюнча улуттук институт да долбоорго олуттуу салым кошту.

Баарынан кызыгы, окумуштуулардын бул ири ачылышты он чакты жылда эмес, жакынкы үч жылда жыйынтыктоосуна супер-компютерлер менен татаал роботтор гана жардам бербестен, АКШдагы башка бир жеке менчик изилдөө институту менен атаандаштык да огожо болгон экен.

Кишинин ДНКсынын генетикалык кодун ташыган дээрлик үч миллиард нуклеотид-тамганы каттаган соң, окумуштуулар кишинин генетикалык түзүлүшү жөнүндөгү маалыматты универсалдуу негизде колдонуу мүмкүнчүлүгүнө эшик ачышты. Ошентип, биздин көз алдыбызда эле геномика илими жаңы илим тармагын – “протеониканы” өнүктүрүү үчүн кыртыш даярдап берди. Илимдеги бузула элек дыңдын бири – дал ушул тармак. Анын башкы багыты - ДНКнын генетикалык “калыптарына” ылайык улам башка вариантта түзүлчү татаал молекулаларды – протеиндерди изилдөө менен байланыштуу. Окумуштуулар рак жана диабет сыяктуу кеселдерди айыктыруу үчүн геномика менен протеониканын салымы олуттуу болооруна үмүттөнүшүүдө.
XS
SM
MD
LG